Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 20-февралы № 3
Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында эмес жерлердин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын дифференциялоого К-1 экономикалык пландаштыруу зоналары үчүн коэффицентин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27-январь 2003-жылдагы №29 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык калктуу пунктгардын жерлерин жана айыл чароа багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы учун жер салыгын дифференциялоого Нарын шаарынын територриясын экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша бөлүнгөн зонасынан жыл сайын кабыл алынуучу жер салыгынын базовый ставкалары жөнүндөгү мыйзамын ишке ашыруу максатында Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкке укуктарды каттоо башкармасьшын сунушун эске алып депутаттардын Нарын шаардык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2009-жылга калктуу конуштардын жерлерин жана айыл - чарба багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын дифференциялоого К-1 экономикалык пландаштыруу зоналары үчүн : коэффиценти тиркемеге ылайык бекитилсин (мамкаттоонун сунушу тиркелет).
2. Белгиленген зоналарда .жайгашкандыгына карабастан энергетика, байланыш, Банк, АЗС, кафе, ломбард, акча алмаштыруучу жайлйр, базарларга жана базарлардын айланасында жайгашкан соода түйүндөрүнө 3,0 коэффицент, ал эми курулуш, транспорт жала өнөр жай мекемелерине 2,0 коэффицент бекитилсин.
3. Белгиленген К1 коэффицентине ылайык жер пайдалануучулар үчүн салыктын жылдык суммасын аныктоо жана аны өндүрүүнү камсыз кылуу Нарын шаардык салык инспекциясына (Н.Мамбетаитов) тапшырылсын.
Депутаттардын Нарын шаардык кеӊешинин төрагасы |
А.Кокотаев |