Загрузка документа…
НАРЫН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-март №3/9
Депутаттардын Нарын райондук кеӊешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" № 27 Мыйзамына жана райондук Кеӊештин Регламентинин VI бөлүгүнүн 16-главасына ылайык депутаттардын Нарын райондук Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" Мыйзамынын 27-статьясына жана депутаттардын Нарын райондук Кеӊешинин 2008-жылдын 14-октябрындагы I сессиясында (II чакырылыш) бекитилген типтүү Регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Регламенттин 2-главасынын 2.1. пунктчасынын 1-2-3-бөлүмчөлөрү алынып салынсын жана төмөндөгүдөй болуп өзгөртүлсүн:
1). аймакты социалдык - экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
2). райондук бюджетти бекитүү, анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттен тышкары фонддордун пайдаланылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматтарды угуу;
3). талап кылынбаган жана пайдаланылбай жаткан жайыттарды пайдалануу маселелери;
Ушул главага
8). - бөлүмчө болуп; "райондук Кеӊештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо" киргизилсин.
3-главанын 3.1,- бөлүмчөсүндөгү " көзөмөл жүргүзөт" деген сезден кийин "Райондук Кеӊеш жүктөгөн башка милдеттерди аткарат" деген сүйлөм кошулсун.
3-главанын 3.6., 3.9. бөлүмчөлөрү төмөндөгүдөй болуп кайра өзгөртүлсүн:
3.6. "Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык кызмат жөнүндөгу" Мыйзамына жана "Муниципалдык кызматынын бош администрациялык кызмат ордун ээлее боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү" Жобого ылайык өзүнүн буйругу менен райондук Кеӊештин аппаратынын жооптуу катчысын, жооптуу кызматкерлерин (башкы, жетектеечу адистери ж.б.) конкурстук комиссиянын токтомунун негизинде кызматка дайындайт жана бошотот. Ошондой эле райондук
3.9. Райондук Кеӊештин төрагасынын орун басары райондук Кеӊештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат. Ал жок болгон учурда же төрага өзүнүн милдетин аткара албай калган учурда анын милдеттерин аткарат.
4-глава 4.9. белумчө менен толукталсын:
4.9. Раиондук Кеӊештин аппаратынын ишин уюштуруу менен көзөмөлдөйт жана координациялайт.
5-главанын 5.1. бөлүмчөсүнө төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин. 5.1. Кыргыз Республикасыньн деген сезден кийин "Мыйзамынын 28, 29, 30-статьяларына ылайык өз иштерин жүргүзөт" деген сөздөр кошулсун,
7-главанын 7.3. белумчесуне төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин: Биринчи суйлөм "Раиондук Кеӊештин иш-планы жарым жылдык же бир жылдык болуп түзүлөт" - деп өзгөртүлсүн.
9-глава төмөндөгүдөй 9.6. бөлүмчө менен толукталсын:
9.6. Кеӊештин токтомун бастырып чыгаруу, Кеӊештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө раиондук Кеӊештин аппаратына жүктөлөт.
11-главага кошумча төмөндөгүдөй: 11.2., 11.3., 11.4., 11.5., 11.6., И.7., 11.8., 11.9. бөлүмчөлөрү кошулуп толукталсын:
11.2. Кун тартибянин иштее тартиптери боюнча сунуштарды берууге, аны цобушка койдурууга.
11.3. Сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрдү, кошумчаларды сунуш кылууга жана добушка койдурууга.
11.4. Райондук Кеӊештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мекеме, ишканалар, уюмдар ж.б. органдардын жетекчилеринин отчетторун угууну кун тартибине киргизүүнү сунуштоого.
11.5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшеруу жүргүзүү үчүн сессиянын токтомун чыгарууну сунуштоого.
11.6. Сессиянын Регламентин жана иштөө тартибин толук сактоого.
11.7. Райондук Кеӊештин депутаттары бир жыл ичинде райондук Кеӊештин сессияларына жүйөлүү себепсиз дайыма катышпагандыгы үчүн, райондук Кеӊештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн депутаттардын жалпы анынын көпчүлүк добушу менен райондук Кеӊештин депутатын чакыртып алуу жөнүндөгү маселени козгоого укуктуу.
11.8. Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына чакырылгандарга орой мамиле жазоого, аброюн кетирүүгө жол берилбейт.
11.9. Сессиянын ишине активдуу катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине өзүнүн жекече пикирин сактоо менен добуш берүүге.
Типтүү Регламенттеги IX бөлүк IV бөлүк деп оӊдолсун.
V Бөлүк - регламентке жаныдан киргизилсин:
15-глава Кеӊештин көзөмөлдүк жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышы
15.1. Кеӊештин көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жана Кеӊештин төрагасынын, орун басарынын, комиссияларынын жана жооптуу кызматкерлеринин башкы милдеттеринин бири болуп эсептелет.
15.2. Депутаттардын Нарын раиондук Кеӊеши тарабынан районго, республикага, өзу жашаган аймакка көрүнүктүү эмгек сиӊирген адамдарга "Нарын" районунун Ардактуу атуулу" наамы жылына бир жолу Кеӊештин туруктуу комиссиясынын сунушу боюнча райондук Кеӊештин сессиясында каралып ыйгарылат.
15.3. Депутатардын Нарын райондук Кеӊеши райондун Гербин, Туусунун сүрөттөлүшүн, Гимнинин текстин бекитет.
15.4. Депутаттардын Нарын райондук Кеӊеши райондук мамлекеттик администрациясы менен бирдикте айрым маселелер боюнча буйрук чыгарат.
15.5. Депутаттардын Нарын райондук Кеӊеши райондук мамлекеттик администрация менен бирдикте эмгек алдьшкыларына Ардак Грамоталарды ыйгарат.
VI Белук - Регламентке жацыдан киргизилсин:
16-глава
Регламентти бекитүүнүн жана өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
16.1. Депутаттар тарабынан Регламентке езгертуу, толуктоо киргизууге сунуш бере алат. Сунуштар атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.
16.2. Райондук Кенештин Регламентин, типтуу Регламенттин негизинде, депутаттардан турган жумушчу топ иштеп чыккандан кийин Кеӊештин сессиясында бекитүүге коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
(Регламенттин толук редакциясы тиркелет).
II. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеӊештин туруктуу комиссияларына жана райондук Кеӊештин аппаратына тапшырылсын.
Депутаттардын Нарын райондук кеӊешинин төрагасы |
М. Курманкожоев |