Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарындагы муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Муниципалдык менчикти менчиктештирүү "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына, ушул жобого, муниципалдык менчикти башкаруу маселелерин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларга ылайык, муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жүзөгө ашырат.
2. Менчиктештирүү объекттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна таандык муниципалдык ишканаларды кайра түзүү процессинде түзүлгөн чарбалык шериктештердин жана коомдордун уставдык капиталындагы акциялар (үлүштөр);
муниципалдык ишканалар мүлктүк комплекс катары;
муниципалдык ишкананы кайра уюштуруунун (жоюунун) натыйжасында түзүлгөн муниципалдык ишкананын өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүмдөрү ишке жарамдуу комплекс;
мүлктүн айрым курамдык бөлүктөрү (имарат, өзүнчө имарат, курулма, жабдуу, курулушу бүтпөгөн объекттер жана башка).
Мүлктүк комплекс катары ишкананын курамына анын иш-аракети үчүн пайдаланылуучу мүлктүн бардык түрлөрү, анын ичинде жер участоктору, имараттар, курулмалар, жабдуулар, шаймандар, чийки заттар, продукция, талап кылуу укугу, чарбалык шериктештердеги жана коомдордогу акциялар (үлүштөр), карыздар, анын иш-аракетин жекелештирүүчү белгилөө укуктары (фирмалык аталыштар, товардык белгилер) жана башка өзгөчө укуктар кирет.
Менчиктештирүү процессинде түзүлбөгөн чарбалык шериктештердин жана коомдордун уставдык капиталындагы менчик укугуна Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна таандык акциялар (үлүштөр) ушул Жободо каралган тартипте сатылат.
3. Менчиктештирүү объекттеринин сатуучусу болуп ыйгарым укуктуу орган саналат.
4. Менчиктештирүү объекттеринин сатып алуучулары муниципалдык мекемелерден жана ишканалардан башка жеке, ошондой эле юридикалык жактар боло алышат.
4-1. Менчиктештирүү объекттеринин наркы ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ишке тартылган баалоочу уюм же көз карандысыз баалоочу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат. Баалоочу жүргүзүлүп жаткан баалоонун аныктыгы жана негиздүүлүгү үчүн толук жоопкерчилик тартат.";
4-2. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүүдө ыйгарым укуктуу орган сатуу баасынан тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган өлчөмдө комиссиялык жыйым алат.
Комиссиялык жыйымды төлөө тартиби жана мөөнөтү сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленет.
II. Муниципалдык ишканаларды кайра түзүү
5. Муниципалдык ишканаларды чарбалык шериктештерге (коомдорго) кайра түзүүнүн негизги формасы болуп муниципалдык ишкананын уюштуруу-укуктук формасын акцияларынын 100 (жүз) пайызы муниципалдык менчикте турган акционердик коомго кайра түзүүнү акционерлештирүү саналат. Эгерде муниципалдык ишканалардын мүлкүнүн бааланган наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдө уставдык капиталды түзүү үчүн жетишсиз болсо, муниципалдык ишкана жалгыз уюштуруучусу (катышуучусу) Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп саналган жоопкерчилиги чектелген коомго кайра түзүлөт.
6. Ишкананы кайра түзүү жана баалоо наркын же чарбалык шериктештигинин (коом) уставдык капиталынын өлчөмүн аныктоо максатында, ыйгарым укуктуу органдын чечими менен менчиктештирүүгө карата муниципалдык ишкананы даярдоо боюнча комиссия (мындан ары- комиссия) түзүлөт жана кайра түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан ашпаган кайра түзүү жүргүзүү мөөнөтүн белгилейт.
Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын кызыкдар болгон Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү кирет. Анын курамына көз карандысыз эксперттер кириши мүмкүн.
Комиссия ыйгарым укуктуу органга аудитордук, консультациялык, баалоочулук, эксперттик жана башка уюмдардын ишине тартуу жөнүндө сунуштарды киргизе алат.
Мурда кайра түзүлгөн акционердик коомдо ишканалардын акциялардын муниципалдык топтомун баалоо жана менчиктештирүү үчүн курамы муниципалдык акциялардын топтомун баалоону жана сатууну регламенттөөчү методикалык документтер менен аныктала турган комиссия түзүлүшү мүмкүн.
7. Комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра түзүлүүчү ишкананын мүлктүк комплексине баалоо жүргүзөт жана уставдык капиталынын өлчөмүн аныктайт.
Объекттердин (муниципалдык ишканалардын) мүлктүк комплексинин наркын аныктоо үчүн ыйгарым укуктуу орган баалоочу уюмду же көз карандысыз баалоочуну тартат.
Менчиктештирүү объектисинин мүлкүнүн наркынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен менчиктештирүүнүн өзгөчө режими белгиленген мүлктүн наркы, ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалдык менчикте сактоо жөнүндө чечим кабыл алынган социалдык-тиричилик жана социалдык-маданий багыттагы объекттердин жана башка объекттердин наркы алып салынууга тийиш.
Комиссия корутунду түзөт жана ыйгарым укуктуу органдын кароосуна киргизет.
8. Балансында социалдык жана өндүрүштүк инфраструктуранын объекттери турган ишканаларды кайра түзүүдө комиссия төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
а) социалдык жана өндүрүштүк инфраструктура объекттери муниципалдык менчикте калат:
аларды түздөн-түз дайындалышы боюнча пайдалануу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башка бөлүмдөрүнө, муниципалдык мекемелерге, ишканаларга белгиленген тартипте өткөрүлүп берилет;
кайра түзүлүп жаткан ишканага түз дайындалышы боюнча пайдалануу үчүн акысыз пайдаланууга берилет;
б) социалдык жана өндүрүштүк инфраструктуранын объекттери менчиктештирилет:
менчиктештирилүүчү ишкананын мүлктүк комплексинин курамында;
өз алдынча объект түрүндө.
9. Социалдык жана өндүрүштүк инфраструктура объекттерин баланстан баланска өткөрүү акт менен таризделет.
10. Менчиктештирүү объектисинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын негизинде жана тартибинде алынган баалоо наркы, эгерде баалоо бекитилген күндөн тартып объект менен бүтүм түзүлгөн датага чейин 12 айдан ашпаган убакыт өтсө, бүтүм жасоо үчүн кабыл алынышы мүмкүн.
III. Менчиктештирүү ыкмалары
11. Муниципалдык менчикти менчиктештирүү төмөнкү ыкмалар менен жүзөгө ашырылат:
аукциондо сатуу;
конкурста сатуу;
кийин сатып алуу менен башкарууга өткөрүп берүү;
кийин сатып алуу менен ижарага берүү;
чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү.
Менчиктештирүү объектисин ачык тооруктарда эки жолу сатуу мүмкүн болбогондо түз сатуу ыкмасы колдонулат.
12. Аукцион тоорук өткөрүү жолу менен сатуу ыкмасы болуп саналат, мында менчик укугу тооруктун жүрүшүндө аукционго коюлган менчиктештирүү объекти үчүн эң жогорку бааны сунуштаган жана төлөгөн жакка өтөт. Мында менчиктештирилүүчү объектке карата эч кандай кошумча шарттарды аткаруу талап кылынбайт.
Аукциондор ачык болуп саналат, башкача айтканда аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчиктештирүү объекттерин сатып алуучуларга коюлуучу талаптарга жооп берген бардык жеке жана юридикалык жактар чектөөсүз катышууга укуктуу.
13. Конкурс муниципалдык мүлктү сатуу ыкмасы болуп саналат, мында менчиктештирилүүчү объектти сатып алуучу конкурстун шарттарында белгиленген белгилүү милдеттенмелерди өзүнө алат.
Муниципалдык мүлктү сатып алуучуга коюлуучу талаптарга жараша конкурс коммерциялык же инвестициялык болушу мүмкүн.
Коммерциялык конкурсту пайдаланууда менчиктештирүү объектисине карата сатып алуучу өзүнө алууга тийиш болгон милдеттенмелердин тизмеги белгиленет. Көрсөтүлгөн милдеттенмелерди өзүнө алуу менен эң жогорку бааны сунуштаган жак коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү жана менчиктештирүү объектисинин сатып алуучусу болуп калат.
Инвестициялык конкурсту пайдаланууда менчиктештирүү объектисине карата сатып алуучу өзүнө алууга тийиш болгон милдеттенмелердин тизмеги белгиленет. Инвестициялык конкурстун катышуучулары төмөнкүлөрдү камтыган сунуштарды берет:
бизнес-план;
бизнес-планды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон инвестициялык милдеттенмелердин көлөмү жана мүнөзү;
менчиктештирүү объектиси үчүн сунушталган бааны.
Сунушу мыкты деп табылган жак инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болот.
Коммерциялык жана инвестициялык конкурстун шарттары менчиктештирүү объектисине карата сатып алуучунун төмөнкүдөй милдеттенмелерин өзүнө камтышы мүмкүн:
сунушталган инвестициялардын суммасы;
эмгек акы, иш менен камсыздалуу деңгээли, социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдалануу жаатындагы социалдык программа;
сатып өткөрүүнүн жаңы рынокторуна чыгуу же иштеп жаткан рынокторду өздөштүрүү;
жаңы атаандаштыкка жөндөмдүү же импортту алмаштыруучу продукцияны чыгарууну өздөштүрүү;
натыйжалуу менеджментти киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмелер.
Милдеттенмелер сандык туюнтмалар, ошондой эле аларды ишке ашыруу мөөнөттөрү болууга тийиш.
14. Аукциондорду жана конкурстарды өткөрүү тартиби, сатып алуучулардын ага катышуу шарттары, жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби, сатып алынган муниципалдык мүлк үчүн эсептешүү тартиби, ошондой эле милдеттенмелерди аткаруу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
15. Кийин сатып алуу менен башкарууга өткөрүп берүү менчиктештирүү ыкмасы болуп саналат, мында муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган башкаруучу менен келишим түзөт. Келишим башкаруучу өзүнө ала турган милдеттенмелер жана менчиктештирүү объектисин сатып алуунун шарттары аныктайт.
Кийин сатып алуу менен башкарууга өткөрүп берүүдө башкарууга берилүүчү акциялардын муниципалдык пакетинин өлчөмү башкаруучуга акционердик коомду натыйжалуу башкаруу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого тийиш.
Башкаруучуну тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт.
16. Муниципалдык мүлктү кийин сатып алуу менен ижарага берүү ижарачынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Сатып алуунун өлчөмү, аны төгүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби, ошондой эле башка шарттар кийин сатып алуу менен ижара келишиминде белгиленет.
17. Муниципалдык мүлктү чарбалык коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү Бишкек шаардык кеңеши менен макулдашылгандан кийин ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.
Акциялардын муниципалдык пакеттерин сатуу Бишкек шаардык кеңеши менен алдын ала макулдашылгандан кийин гана баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучулар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
IV. Менчиктештирүү тартиби
18. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын расмий сайтында көрсөтүлгөн мүлктү сатуу күнүнө чейин 30 күндөн кечиктирбестен жарыяланууга тийиш.
Тоорук өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө сатуунун убактысы, орду, объектиси жана кепилдик төгүмдүн өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленүүчү башка маалыматтар милдеттүү түрдө камтылууга тийиш.
Менчиктештирүү объектиси жөнүндө башка маалыматтар менен сатып алуучулар маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн жерден таанышууга укуктуу. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат рынокто үстөмдүк кылуучу же монополиялык абалды ээлеген объекттер үчүн көрсөтүлгөн бүтүмдөр жасалган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө жана калган объекттер үчүн - үч айдын ичинде жарыяланууга тийиш.
Тооруктарды өткөрүүгө даярдык көрүү жана алардын жыйынтыктарын чыгаруу Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен түзүлүүчү муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын, кызыкдар болгон Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү кирет. Анын курамына көз карандысыз эксперттер киргизилиши мүмкүн.
Комиссия Сатуучуга аудитордук, консультациялык, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартуу жөнүндө сунуш киргизе алат.
Сатуучунун өкүлү комиссиянын төрагасы болуп дайындалат.
Комиссиянын курамына 7ден кем эмес адам кирүүгө тийиш.
Тоорукка катышуу үчүн талапкер тоорукта сатып алынган мүлктү төлөөнү камсыздоо эсебине насыя (мындан ары - кепилдик төгүм) киргизет.
Кепилдик төгүм төмөнкү учурларда кайра кайтарылууга тийиш:
тооруктун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп таанылбаган (кепилдик төгүмдү кайтаруу мөөнөтү - тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протокол таризделген учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде);
тоорук өткөн жок деп таанылса (кепилдик төгүмдү кайтаруу мөөнөтү - тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протокол таризделген учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде);
талапкер катталган арызды кайра алган учурда (кепилдик төгүмдү кайтаруу мөөнөтү - ыйгарым укуктуу орган арызды кайра алуу жөнүндө билдирүүнү алган учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде).
Тоорукту утуп алган жак менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдө ал төлөгөн кепилдик акынын суммасы түзүлгөн келишим боюнча милдеттенмелердин эсебине чегерилет.
Тоорук өткөрүлгөндөн кийин тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлөт, ага жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрү кол тамга коёт.
Протоколдо төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
комиссиянын курамы;
тооруктун катышуучулары жөнүндө маалыматтар;
тооруктун жыйынтыгы.
19. Сатуучу аны бекиткен учурдан тартып тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протокол жеңүүчүнүн муниципалдык мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө болгон укугун күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.
Тооруктун жыйынтыгы жөнүндө Сатуучунун чечими 3 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен таризделет жана жеңүүчүгө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол тамга койдуруу менен берилет же тапшырык кат менен почта аркылуу жөнөтүлөт.
Тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү тооруктун катышуучуларына кол коюусу менен берилет же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан алардын суроо-талабы боюнча берилет.
V. Менчиктештирүү бүтүмдөрүн тариздөө
20. Ыйгарым укуктуу органдын тооруктун жыйынтыгы жөнүндө буйругу чыккандан кийин Сатуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алуучу менен соода-сатык келишимин түзүүгө тийиш.
Муниципалдык менчикти сатып алуу-сатуу келишими милдеттүү түрдө төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
мүлктү Сатуучу жана сатып алуучу жөнүндө маалыматты;
келишимдин предметинин аныктамасын;
менчиктештирүү объектиси жөнүндө маалыматтарды;
объектти сатып алуу баасын;
сатып алынган мүлк үчүн төлөмдүн формасын жана мөөнөтүн;
инвестициялык жана (же) социалдык шарттарды (алар болгон учурда);
сатып алуучу тарабынан мындай шарттардын аткарылгандыгын тастыктоо тартибин;
келишимди бузуу жана келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн айыптык санкцияларды колдонуу шарттарын;
өз ара макулдашуу боюнча мындай келишимдин тараптары тарабынан белгиленген башка шарттарды.
Менчиктештирүү объектисине карата сатып алуучунун милдеттенмелеринин сандык туюнтмалары жана аткаруу мөөнөттөрү болууга тийиш.
Менчиктештирүү объектине менчик укугу жергиликтүү өз алдынча башкаруудан аны сатып алуучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана муниципалдык мүлктү сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленген тартипте өтөт.
21. Сатып алуучу бүтүмдүн шарттарын бузган учурда сатуучунун демилгеси боюнча келишим бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн, мында комиссиялык жыйым жана кепилдик төгүм кайтарылбайт.
Сатып алуу наркын төлөө мөөнөтү келишимге ылайык бузулган учурда сатып алуучуга карата айыптык санкциялар колдонулат, алар келишимге ылайык аныкталат жана кармалып, бюджетке которулат.
Зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу орган келишимде белгиленген төлөө мөөнөтүн узарта алат.
22. Сатып алуу-сатуу келишиминин шарттарын аткарбагандыгынын же талаптагыдай аткарбагандыгынын натыйжасында менчиктештирүү объектисин сатууну жокко чыгаруу жөнүндө ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алган учурда, мурда түзүлгөн бүтүм бузулууга тийиш же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жараксыз деп табылышы мүмкүн.
VI. Менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды пайдалануу
23. Муниципалдык менчикти менчиктештирүүдө төлөмдүн мыйзамдуу каражаты катары Кыргыз Республикасынын акча бирдиги (улуттук валюта) таанылат.
Ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча менчиктештирүүнүн конкреттүү объекти үчүн төлөм каражаты катары башка өлкөлөрдүн акча бирдиги таанылышы мүмкүн.
Муниципалдык мүлк үчүн башка өлкөлөрдүн акча бирдиктери менен төлөөдө банктык чыгымдарды жана курстук айырманы төлөө сатып алуучунун эсебинен жүргүзүлөт.
24. Муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттары шаардык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө бөлүштүрүлөт.
Кечиктирилгис социалдык-экономикалык маселелерди чечүү зарыл болгон учурда менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды жалпы, ошондой эле айрым объекттерди үлүштүк бөлүштүрүү Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен өзгөртүлүшү мүмкүн.
Муниципалдык менчикти менчиктештирүүдөн түшкөн акча каражаттары бөлүштүрүлгөндөн кийин 10 банктык күндүн ичинде багыты боюнча которулууга тийиш.
25. Менчиктештирүү объекттерин сатуудан түшкөн акча каражаттары жана сатып алуучулар тарабынан келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан өндүрүлгөн айыптык санкциялар Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун менчиги болуп саналат жана шаардык бюджетке которулат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |