Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 токтомуна 2-тиркеме |
Муниципалдык менчикти түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул муниципалдык менчикти түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык мүлктү түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Түз сатуу - муниципалдык менчик объекти белгиленген тартипте эки жолу ачык тоорукка коюлган, жана сатылбай калган учурда колдонулуучу менчиктештирүү ыкмасы.
3. Муниципалдык мүлктү сатуучу (мындан ары - Сатуучу) болуп муниципалдык мүлктү башкарууга жана тескөөгө ыйгарым укуктуу муниципалдык орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) чыгат.
4. Муниципалдык мүлктү сатып алуучулар жеке же юридикалык жактар болушу мүмкүн.
Мамлекеттик, ошондой эле муниципалдык мекемелер жана ишканалар менчиктештирилүүчү муниципалдык мүлктү сатып алуучулар боло алышпайт.
5. Төмөнкүлөр менчиктештирүү объекттери боло алат:
муниципалдык ишканаларды өзгөртүп түзүү процессинде түзүлгөн чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталындагы Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна таандык акциялар (үлүштөр);
муниципалдык ишкана мүлктүк комплекс катары;
муниципалдык ишкананы кайра түзүүнүн (жоюунун) натыйжасында түзүлгөн ишке жарамдуу комплексти түзгөн муниципалдык ишканалардын өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүмдөрү;
мүлктүн айрым курамдык бөлүктөрү.
Менчиктештирүү процессинде түзүлбөгөн чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталындагы менчик укугуна Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна таандык акциялар (үлүштөр) да ушул Жободо каралган тартипте түз сатуу ыкмасы менен сатылышы мүмкүн.
6. Түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирилүүчү муниципалдык мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат жана бекитилет.
II. Муниципалдык мүлктү түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүүнүн тартиби
7. Объект алдын ала эки жолу ачык тооруктарда менчиктештирүүгө сунушталууга тийиш, бул түз сатуу ыкмасын колдонуунун милдеттүү шарты болуп эсептелет.
8. Объект эки жолу ачык тооруктарда сатылбаган учурда, Сатуучу түз сатуу ыкмасынын бардык шарттарын сактаган учурда ижарачыга же конкурстун же аукциондун жалгыз катышуучусуна бул объектти түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүүнү сунуштай алат.
9. Муниципалдык мүлктү түз сатуу ыкмасын пайдалануу менен менчиктештирүүнүн шарттары муниципалдык мүлктү Сатуучу тарабынан аныкталат жана Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен түзүлгөн муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча комиссиянын тийиштүү чечими менен бекитилет.
Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын, кызыкдар болгон Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү кирет. Анын курамына көз карандысыз эксперттер киргизилиши мүмкүн.
Комиссия аудитордук, консультациялык, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартуу жөнүндө Сатуучуга сунуш киргизе алат.
Сатуучунун өкүлү Комиссиянын төрагасы болуп дайындалат.
Комиссиянын курамына 7ден кем эмес адам кирүүгө тийиш.
10. Сатуучу Сатып алуучуга Сатып алуу-сатуу келишиминин ажырагыс бөлүгү болгон бизнес-планды берүү талабын коюшу мүмкүн.
11. Сатуучу да, Сатып алуучу да муниципалдык мүлктү түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүүнүн демилгечиси боло алат.
12. Сатуучу менчиктештирүүнүн демилгечиси болгон учурда, ал объектти түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө сунушу менен маалыматты бир же бир нече Сатып алуучуга жөнөтө алат.
13. Менчиктештирүүнүн демилгечиси Сатып алуучу болгон учурда, ал Сатуучуга муниципалдык мүлктү түз сатуу ыкмасы менен сатып алуу ниети жөнүндө арыз менен кайрылат.
Арыз жазуу жүзүндө жана эркин формада түзүлөт.
Менчиктештирүүнүн демилгечиси Сатуучу болгон учурда, Сатып алуучу Сатуучуга арыз берет.
14. Сатып алуучу муниципалдык мүлктү Сатуучуга арыз менен кошо төмөнкүдөй документтерди берет:
жеке жактар үчүн:
арыз ээси жөнүндө маалымат (өмүр баян);
өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
юридикалык жактар үчүн:
уюштуруу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (акционердик коомдор үчүн). Бул талап чет өлкөлүк талапкерлер - Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн милдеттүү эмес;
арыз берилген күнгө чейинки акыркы кварталга карата абал боюнча Сатып алуучунун бардык деңгээлдеги бюджеттерге салык төлөмдөрү боюнча мөөнөтү өткөн карызы жоктугун ырастаган салык инспекциясынын маалым каты. Бул талап чет өлкөлүк талапкерлер - Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн милдеттүү эмес болуп эсептелет.
Зарыл болгон учурда, Сатып алуучу бизнес-планды тапшырат.
Сатуучу берилген документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин аныктоо үчүн зарыл болгон учурда кошумча маалыматтарды талап кылууга, ошондой эле берилген документтерди экспертизага жөнөтүүгө укуктуу.
15. Сатып алуучудан тиешелүү документтер тиркелген арыз келип түшкөндөн кийин Сатуучу муниципалдык мүлктү сатуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Сатуучунун чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү буйрук менен таризделет жана Сатуучунун Сатып алуучу менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүү укугун күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.
III. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн тариздөө
16. Сатуучунун муниципалдык мүлктү сатуу жөнүндө чечими бекитилгенден кийин, Сатуучу менен Сатып алуучунун ортосунда муниципалдык мүлктү сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт.
Муниципалдык мүлктү (кыймылсыз мүлк объекттерин) сатып алуу-сатуу келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
Муниципалдык мүлктү (муниципалдык баалуу кагаздардын топтомун) сатып алуу-сатуу келишими Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу боюнча мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өтүүгө тийиш.
17. Муниципалдык мүлктү сатып алуу-сатуу келишиминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
мүлктү Сатуучу жана Сатып алуучу жөнүндө маалымат;
келишимдин предметин аныктоо;
менчиктештирүү объекти жөнүндө маалыматтар;
муниципалдык мүлктүн сатылуучу баасы;
сатып алынган мүлк үчүн төлөмдүн формасы жана мөөнөтү;
сатып алуу-сатуу келишимин бузуунун тартиби;
айып санкциялары;
мындай келишимдин тараптары тарабынан өз ара макулдашуу боюнча белгиленген башка шарттар.
18. Сатып алуучу тарабынан сатып алынган муниципалдык мүлк үчүн эсептешүү жүргүзүү сатып алуу-сатуу келишиминде аныкталган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүүдө ыйгарым укуктуу орган сатуу баасынан тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган өлчөмдө комиссиялык жыйым алат.
Комиссиялык жыйымды төлөө тартиби жана мөөнөтү сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленет.
19. Муниципалдык мүлккө жана муниципалдык акциялардын топтомуна менчик укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана муниципалдык мүлктү сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруудан сатып алуучуларга өтөт.
20. Муниципалдык мүлктү Сатуучу муниципалдык мүлктү түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тийиш. Бишкек шаарынын рыногунда үстөмдүк кылуучу же монополиялык абалды ээлеген менчиктештирүү объекттери боюнча маалымат бүтүм жасалган күндөн тартып бир айдын ичинде, калган менчиктештирүү объекттери боюнча маалымат - үч айдын ичинде жарыяланууга тийиш.
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдү эсептөө мөөнөтү бул мүлккө менчик укугу таризделген учурдан тартып аныкталат.
IV. Баалуу кагаздар рыногунда жазылуу жолу менен соода уюштуруучулар аркылуу акциялардын муниципалдык топтомдорун түз сатуунун өзгөчөлүктөрү
21. Акциялардын муниципалдык топтомун сатуу баалуу кагаздар рыногунда жазылуу жолу менен соода уюштуруучулары аркылуу брокердик иш-аракеттерди (брокер) жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кардарларына акцияларды түз сатуу ыкмасы менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Муниципалдык акциялардын топтомун жазылуу жолу менен сатуунун демилгечиси болуп Бишкек шаардык кеңешинин тиешелүү макулдугун алгандан кийин ыйгарым укуктуу орган жана ал тарабынан ыйгарым укук берилген брокер чыга алат.
Сатуучу муниципалдык акциялардын топтомуна жазылууну баалуу кагаздар рыногунда соода уюштуруучунун соода аянтчасында өзүнүн өкүлү аркылуу жүзөгө ашырат. Өкүл - брокердик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу (брокер), ал Сатуучу тарабынан конкурстук негизде шайланат.
22. Муниципалдык акциялардын топтому жазылуу жолу менен жүргүзүлгөн түз сатуу ыкмасы менен сатылган учурда, Сатуучу сатып алуучу үчүн менчиктештирүү объектине карата ыйгарым укуктуу органдын комиссиялык жыйымын жана бүтүмдүн суммасын төлөөдөн тышкары кандайдыр бир кошумча милдеттенмелерди белгилей албайт.
23. Сатуучу жазылуу жолу менен түз сатуу ыкмасын ишке ашыруу максатында брокер менен келишим түзөт, анда сатуу мөөнөтү, суммасы жана сатыкка коюла турган акциялардын саны жөнүндө шарттар камтылат.
24. Акцияларга жазылуу үч айдан ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
25. Брокер жалпыга маалымдоо каражаттарында акцияга жазылуунун башталышы жана шарттары жөнүндө маалымат жарыялоого тийиш. Жазылуу мөөнөтү башталганда, брокер потенциалдуу сатып алуучулар менен келишим түзүү жолу менен муниципалдык акциялардын топтомунун акцияларына жазылууну баштайт.
26. Брокер Сатуучу менен түзүлгөн келишимде белгиленген санда акцияларга жазылууну жүзөгө ашырган учурда, келишимдин шарттары аткарылды деп эсептелет.
27. Баалуу кагаздар рыногунда соода уюштуруучулар аркылуу түз сатуу ыкмасы менен муниципалдык акциялардын топтомун сатуунун жол-жобосу баалуу кагаздар рыногундагы соода уюштуруучулардын ички документтерине ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө жүзөгө ашырылат.
V. Корутунду жоболор
28. Тараптардын ортосунда келип чыккан жана ушул Жобо менен жөнгө салынбаган талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |