Загрузка документа…
Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгында катталган
2007-жыл 12-апрель. Каттоо номери 05-1-07
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 токтомуна 3-тиркеме |
Аукциондо сатуу ыкмасы менен муниципалдык менчикти менчиктештирүү жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Муниципалдык менчикти аукциондо сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана аукциондо сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Бул Жободо пайдаланылуучу негизги терминдер:
Аукцион - муниципалдык менчикти тоорук өткөрүү жолу менен сатуунун ыкмасы, мында менчик укугу тооруктун жүрүшүндө аукционго коюлган менчиктештирүү объекти үчүн эң жогорку бааны сунуштаган жана төлөгөн жакка өтөт. Аукцион бааны белгилебестен аукцион түрүндө, ал эми акциялардын муниципалдык пакеттерин баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучулар аркылуу сатууда өткөрүлүшү мүмкүн;
Баштапкы баа-менчиктештирүү объектисинин аукциондо баштапкы катары белгиленген баасы;
аукциондун кадамы-тооруктун жүрүшүндө баштапкы баа жана аукциончу жарыялаган ар бир кийинки баа жогорулатыла турган үстөк.
3. Муниципалдык мүлктү сатуучу (мындан ары - Сатуучу) болуп муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - Ыйгарым укуктуу орган) чыгат.
Аукциондо сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жөнүндө маселени Сатуучу демилгелейт жана буга Бишкек шаардык кеңешинин макулдугун алат.
Аукциондун уюштуруучусу муниципалдык мүлктү Сатуучу катары чыгат.
Сатуучунун ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
аукционго коюу үчүн менчиктештирүү объекттерин аныктоо;
менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуу жана баштапкы баасын бекитүү;
аукционду өткөрүү датасын аныктоо;
маалыматтык билдирүүнү өз убагында жарыялоону камсыздоо;
аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколду бекитүү;
сатып алуучу менен менчиктештирүү объектисин сатып алуу-сатуу келишимин түзүү;
сатып алуучу менен эсептешүүлөр.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Муниципалдык мүлктү сатып алуучулар жеке же юридикалык жактар болушу мүмкүн.
Мамлекеттик, ошондой эле муниципалдык мекемелер жана ишканалар сатып алуучулар боло алышпайт.
5. Аукциондо сатылуучу менчиктештирүү объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
муниципалдык ишканаларды кайра түзүү процессинде түзүлгөн чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун капиталындагы (уставдык капиталындагы) Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна таандык акциялар (үлүштөр);
муниципалдык ишканалар мүлктүк комплекс катары;
муниципалдык ишкананы кайра уюштуруунун (жоюунун) натыйжасында түзүлгөн муниципалдык ишкананын өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүмдөрү ишке жарамдуу комплексти түзөт;
мүлктүн айрым курамдык бөлүктөрү.
Менчиктештирүү процессинде түзүлбөгөн чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун капиталындагы (уставдык капиталындагы) менчик укугуна Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна таандык акциялар (үлүштөр) ушул Жободо каралган тартипте сатылат.
II. Аукционду даярдоо жана өткөрүү
6. Аукционду даярдоо жана өткөрүү Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен түзүлүүчү муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын, кызыкдар болгон Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү кирет. Анын курамына көз карандысыз эксперттер киргизилиши мүмкүн.
Комиссия Сатуучуга аудитордук, консультациялык, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартуу жөнүндө сунуш киргизе алат.
Комиссиянын төрагалыгына Сатуучунун өкүлү дайындалат.
Комиссиянын курамына 7ден кем эмес адам кирүүгө тийиш.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Комиссиянын чечими жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүдө комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Эгерде жыйынга анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса, комиссия анын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укуктуу. Добуштар тең болуп калган учурда комиссия төрага добуш берген чечимди кабыл алат. Жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрү тарабынан кол тамга коюлган комиссиянын чечимдери протоколдор менен таризделет.
8. Комиссиянын милдети болуп төмөнкүлөр саналат:
муниципалдык мүлк объекттерин сатуу боюнча тооруктарды өткөрүү форматы жөнүндө чечим кабыл алуу;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аукционду даярдоо жана өткөрүү;
өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыктарын чыгаруу.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
9. (Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Сатуучу аукционду өткөрүү датасына чейин 30 (отуз) күн мурда аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүүнү электрондук соода аянтчасында "жеке кабинет" аркылуу маалыматтык билдирүүнү жайгаштырууга, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын расмий сайтына жайгаштырууга милдеттүү.
Маалыматтык билдирүү милдеттүү тартипте төмөнкү маалыматтарды өзүнчө камтууга тийиш:
сатуучунун аталышы;
сатуу объектисинин жайгашкан жери;
сатуу объектисинин бирдейлештирилген коду жана функционалдык дайындалышы, аянты жана параметрлери (мүнөздөмөсү), техникалык абалы;
электрондук соода аянтчасында электрондук аукционго катышуу үчүн табыштамаларды кабыл алуу, датасы, убактысы жана кабыл алуу аяктаган күн;
баштапкы сатуу баасы;
кепилдик төлөмдүн төгүүнүн суммасы жана мөөнөтү, ошондой эле ал которулууга тийиш болгон эсептешүү реквизиттери;
сатуу мөөнөтү;
башка маалымат (сатуучунун каалоосу боюнча).
11. Сатуучу аукционду өткөрүү датасына чейин 30 (отуз) күн мурда аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүүнү электрондук соода аянтчасында "жеке кабинет" аркылуу маалыматтык билдирүүнү жайгаштырууга, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын расмий сайтына жайгаштырууга милдеттүү.
Маалыматтык билдирүү милдеттүү тартипте төмөнкү маалыматтарды өзүнө камтууга тийиш:
сатуучунун аталышы;
сатуу объектисинин жайгашкан жери;
сатуу объектинин идентификациялык коду жана функционалдык дайындалышы, аянты жана параметрлери (мүнөздөмөсү), сатуу объектисинин техникалык абалы;
электрондук соода аянтчасында электрондук аукционго катышуу үчүн табыштамаларды кабыл алуу, датасы, убактысы жана кабыл алуу аяктаган күн;
сатуунун баштапкы баасы;
кепилдик төлөм төгүүнүн суммасы жана мөөнөтү, ошондой эле ал которулууга тийиш болгон эсептешүү реквизиттери;
сатуу мөөнөтү;
башка маалымат (сатуучунун каалоосу боюнча).
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Аукцион өткөрүү, анын жыйынтыктарын чыгаруу тартиби, катышуучулардын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
13. (Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
III. Сатып алуу-сатуу бүтүмүн тариздөө
14. (Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. (Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16. (Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17. (Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
IV. Бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын шарттары жана талаштарды чечүү
18. (Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19. 19. Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол жеңүүчүнүн муниципалдык мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө болгон укугун күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.
Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө Сатуучунун чечими 3 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен таризделет жана жеңүүчүгө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол тамга койдуруу менен берилет же тапшырык кат менен почта аркылуу жөнөтүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Акциялардын муниципалдык топтомун баалуу кагаздар рыногунда соода уюштуруучулар аркылуу сатуу боюнча аукцион өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү
20. Акциялардын муниципалдык топтомун аукциондо сатуу ыкмасы менен сатуу баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иш-аракетин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар баалуу кагаздар рыногундагы сооданы уюштуруучулар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Акциялардын муниципалдык топтомун баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучулар аркылуу аукциондо сатуу ыкмасы аркылуу сатуунун жол-жобосу баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучулардын ички документтерине ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө жүзөгө ашырылат.
21. Муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - Ыйгарым укуктуу орган) муниципалдык акциялардын топтомун өзүнүн өкүлү - брокердик иш-аракетти (Брокерди) жүзөгө ашыруучу, конкурстук негизде шайлануучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу аркылуу сатат. Ыйгарым укуктуу органдын өкүлү (брокер) аукцион өткөрүү процессинде Сатуучунун функциясын аткарат.
Аукцион баалуу кагаздар рыногундагы сооданы уюштуруучунун соода аянтчасында өткөрүлөт, анын катышуучусу ыйгарым укуктуу органдын өкүлү болууга тийиш.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Аукцион өткөрүү убагында дараметтүү сатып алуучулар (мындан ары-талапкерлер) баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучунун тоорук системасына тооруктун катышуучулары аркылуу табыштамаларды коюшат. Талапкер ыйгарым укуктуу органдын өкүлү аркылуу табыштамаларды бере албайт.
23. Аукционго катышуу үчүн талапкер аукцион өткөрүлүп жаткан соода системасындагы баалуу кагаздар рыногундагы сооданы тейлөөчү уюштуруучунун депозитарийиндеги ыйгарым укуктуу органдын депо эсебине кепилдик төгүмүн төгүшү зарыл.
24. Тооруктун алдында аукцион ыкмасы менен сатууга коюлган акциялар баалуу кагаздар рыногунда сооданы тейлөөчү уюштуруучунун депозитарийиндеги ыйгарым укуктуу органдын депо эсебинде депонирленүүгө тийиш.
25. Тооруктун башталышынын жана аякташынын датасы, ошондой эле соода сессиясынын узактыгы баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучунун биржалык соода эрежелерин эске алуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
26. Аукциондун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү аукциондун жеңүүчүсү менен бүтүм түзөт.
Аукциондун жеңүүчүсү акциялардын муниципалдык пакетинин наркын, комиссиялык жыйымды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка зарыл төлөмдөрдү төлөйт.
27. Акциялардын муниципалдык топтомуна менчик укугу акциялардын муниципалдык топтомунун наркы жана бардык зарыл төлөмдөр төлөнгөндөн кийин Сатып алуучуга өтөт жана:
депозитардык иш-аракетин жүзөгө ашырган жактын баалуу кагаздарга болгон укугу эсепке алынган учурда-Сатып алуучунун депо эсеби боюнча кириштөө жазуусу киргизилген учурдан тартып;
реестрди жүргүзүү системасында баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алуу учурунда, Сатып алуучунун өздүк эсеби боюнча кириштөө жазуусу киргизилген учурдан тартып.
28. Эгерде объект аукциондо сатылбаса, анда ал баасын белгилебестен аукционго кайрадан коюлушу мүмкүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |