Загрузка документа…
Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгында катталган
2007-жыл 12-апрель. Каттоо номери 05-1-07
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 токтомуна 4-тиркеме |
Муниципалдык менчикти конкурста сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Муниципалдык менчикти конкурста сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык мүлктү конкурста сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Конкурс муниципалдык менчикти сатуу ыкмасы болуп саналат, мында менчиктештирилүүчү объектти сатып алуучу конкурстун шарттары тарабынан белгиленген белгилүү милдеттенмелерди өзүнө алат.
Муниципалдык мүлктү сатып алуучуга коюлуучу талаптарга жараша конкурс коммерциялык же инвестициялык болушу мүмкүн.
3. Муниципалдык менчикти сатуучу болуп (мындан ары - Сатуучу) муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары-ыйгарым укуктуу орган) чыгат.
Муниципалдык мүлктү конкурста сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө маселени Сатуучу демилгелейт жана ал үчүн Бишкек шаардык кеңешинин макулдугун алат.
Муниципалдык мүлктү сатуучу конкурстун уюштуруучусу болуп чыгат. Муниципалдык мүлктү сатуучу конкурсту өткөрүүнүн датасын, ордун жана тартибин аныктайт, конкурсту өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнүн өз убагында жарыяланышын камсыздайт.
4. Муниципалдык мүлктү сатып алуучулар жеке же юридикалык жактар болушу мүмкүн.
Мамлекеттик, ошондой эле муниципалдык мекемелер жана ишканалар менчиктештирилүүчү муниципалдык мүлктү сатып алуучулар боло алышпайт.
5. Сатуу конкурста жүзөгө ашырылуучу менчиктештирүү объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
муниципалдык ишканаларды кайра түзүү процессинде түзүлгөн чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун капиталындагы Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна таандык акциялар (үлүштөр);
муниципалдык ишкана мүлктүк комплекс катары;
муниципалдык ишкананы кайра уюштуруунун (жоюунун) натыйжасында түзүлгөн ишке жарамдуу комплексти түзгөн муниципалдык ишканалардын өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүмдөрү.
Менчиктештирүү процессинде түзүлбөгөн чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун капиталындагы Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна менчик укугунда таандык акциялар (үлүштөр) да ушул Жободо каралган тартипте конкурста сатылышы мүмкүн.
6. Коммерциялык жана инвестициялык конкурстарды пайдаланууда менчиктештирүү объектисине карата сатып алуучу өзүнө алууга тийиш болгон милдеттенмелердин тизмеги белгиленет.
Милдеттенмелердин тизмеги менчиктештирүү объектисине жараша болот жана конкурс жарыяланган учурга чейин Сатуучу тарабынан аныкталууга тийиш.
Коммерциялык жана инвестициялык конкурстардын шарттары менчиктештирүү объектисине карата Сатып алуучунун төмөнкү милдеттенмелерин өзүнө камтышы мүмкүн:
сунушталган инвестициялардын суммасы;
эмгек акы, ишке орноштуруу деңгээли, социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдалануу жаатындагы социалдык программа;
сатып өткөрүүнүн жаңы рынокторуна чыгуу же учурда болгондорун өздөштүрүү;
атаандаштыкка жөндөмдүү же импортту алмаштыруучу жаңы продукцияны чыгарууну өздөштүрүү;
натыйжалуу менеджментти киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмелер.
Милдеттенмелер сандык туюнтууга, ошондой эле аларды ишке ашыруу мөөнөтүнө ээ болууга тийиш.
7. Сатуучу менчиктештирилүүчү мүлктүн наркын аныктоо үчүн баалоочу уюмду же көз карандысыз баалоочуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте тартат жана баалоонун жыйынтыктарынын негизинде конкурста сатуунун баштапкы баасын (мындан ары - сатуунун баштапкы баасы) белгилейт.
8. Конкурстун шарттары Сатуучу тарабынан аныкталат жана Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен түзүлгөн муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча комиссиянын тийиштүү чечими менен бекитилет.
9. Конкурска катышуу үчүн талапкер конкурста сатып алынган мүлктү төлөөнү камсыздоо эсебине шертпул (мындан ары - кепилдик төгүм) киргизет.
Кепилдик төгүмдүн өлчөмү менчиктештирилүүчү объектти сатуунун баштапкы баасынын 10 пайызын түзөт.
Кепилдик төгүм төмөнкү учурларда кайра кайтарылууга тийиш:
конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылбаган учурда (кепилдик төгүмдү кайтаруу мөөнөтү - Сатуучу тарабынан конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол бекитилген учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде);
конкурс өткөн жок деп таанылса (кепилдик төгүмдү кайтаруу мөөнөтү - Сатуучу тарабынан конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол бекитилген учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде);
талапкер катталган табыштаманы кайтарып алган учурда (кепилдик төгүмдү кайтаруу мөөнөтү - менчиктештирүү боюнча комиссия табыштаманы кайтарып алуу жөнүндө билдирүүнү алган учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде).
Конкурсту утуп алган жак менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдө ал киргизген кепилдик төгүмдүн суммасы түзүлгөн келишим боюнча милдеттенмелердин эсебине чегерилет.
II. Менчиктештирүү объекттерин сатуу боюнча конкурсту даярдоо жана уюштуруу
10. Конкурс боюнча менчиктештирүү объектисин сатуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча комиссия түзүлөт (мындан ары - конкурстук комиссия).
11. Конкурстук комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын, кызыкдар болгон Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү кирет. Анын курамына көз карандысыз эксперттер киргизилиши мүмкүн.
Комиссия аудитордук, консультациялык, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартуу жөнүндө Сатуучуга сунуш киргизе алат.
Сатуучунун өкүлү Комиссиянын төрагасы болуп дайындалат.
Комиссиянын курамына 7ден кем эмес адам кирүүгө тийиш.
12. Конкурстук комиссиянын чечими конкурстук жыйналышка катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүдө конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Эгерде жыйынга добуш берүүгө укуктуу мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса, конкурстук комиссия анын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укуктуу. Добуштар тең болуп калган учурда конкурстук комиссия төрага добуш берген чечимди кабыл алат.
Жыйынга катышкан конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кол тамга коюлган конкурстук комиссиянын чечимдери протоколдор менен таризделет.
13. Конкурстук комиссиянын милдети конкурсту даярдоо жана өткөрүү болуп саналат. Ушул максатта конкурстук комиссия:
табыштаманын формасын аныктайт (типтүү табыштаманын үлгүсү тиркелет), табыштаманын түшкөн датасын жана убактысын көрсөтүү жана ар бир табыштамага номер ыйгаруу менен табыштамаларды жана конкурска катышууга каалоосун билдирген талапкерлерден конкурстук комиссияга берүү үчүн зарыл болгон материалдарды кабыл алууну жана каттоону камсыздайт;
талапкерлерди конкурска катышууга киргизүү (же киргизүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алат;
конкурс өткөрөт;
конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт;
конкурстун жыйынтыгы боюнча протокол түзөт жана кол тамга коет.
14. Менчиктештирүү объекттерин сатуу боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү аны өткөрүү датасына чейин 30 күндөн кеч эмес мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
Билдирүүдө төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
менчиктештирүү объектисинин аталышы;
объектти сатуунун баштапкы баасы;
конкурстун түрү - коммерциялык же инвестициялык;
конкурстун шарттары;
конкурстун түрүнө жараша муниципалдык мүлктү сатып алуучуга коюлуучу талаптардын тизмеги (коммерциялык же инвестициялык);
муниципалдык мүлктү сатып алуучу менчиктештирүү объектисине карата өзүнө алуучу милдеттенмелердин тизмеги;
конкурска катышуу үчүн талапкерлер тарабынан берилүүчү документтердин тизмеги жана аларды тариздөөгө карата талаптар;
кепилдик төгүмдүн өлчөмү жана төлөө мөөнөтү, Сатуучунун эсептеринин зарыл реквизиттери;
табыштамаларды кабыл алуу орду жана мөөнөтү;
конкурсту өткөрүүнүн орду, датасы жана убактысы;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш болгон же Сатуучу тарабынан белгиленүүчү башка тийиштүү маалыматтар.
15. Менчиктештирүү процессинде түзүлгөн ачык акционердик коомдун акцияларын сатууда маалыматтык билдирүүгө төмөнкү маалыматтар милдеттүү түрдө киргизилүүгө тийиш:
мындай коомдун кыймылсыз мүлкү жайгашкан жер участогунун жалпы аянты;
кыймылсыз мүлктүн жалпы мүнөздөмөсү;
акцияларды кайра сатууга белгиленген чектөөлөр;
продукциянын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) негизги номенклатурасы;
кызматкерлердин саны;
Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин, ошондой эле уюштуруучулар (катышуучулар) жана аффилирленген жактар катары чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактары бар Кыргыз Республикасынын резиденттеринин катышуусуна чектөөлөр.
16. Табыштамаларды кабыл алуу башталган учурдан тартып Сатуучу ар бир талапкерге менчиктештирүү объектиси жөнүндө өзүндө болгон маалыматтар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.
17. Талапкерлер конкурска катышуу үчүн конкурстук шарттардан тышкары белгиленген мөөнөттө конкурстук комиссиянын дарегине төмөнкү документтерди беришет:
конкурска катышуу үчүн табыштама;
кепилдик төгүмдүн төлөнгөндүгүн ырастаган, банктын аткарылгандыгы жөнүндө белгиси коюлган төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү;
менчиктештирүү объектиси үчүн баа боюнча сунуштар;
тизмеси табыштамага тиркелген документтер;
маалыматтык билдирүүдө жарыяланган тизмек боюнча башка документтер.
Бир адам коммерциялык же инвестициялык конкурста сатылып жаткан менчиктештирүү объектиси боюнча бир гана табыштама, ошондой эле анын баасы боюнча бир гана сунуш берүүгө укуктуу.
18. Юридикалык жактар кошумча төмөнкүлөрдү беришет:
уюштуруу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
табыштама берилген күндөн мурунку акыркы кварталга карата абал боюнча талапкердин бардык деңгээлдеги бюджеттерге салык төлөмдөрү боюнча мөөнөтү өткөн карызы жок экендигин ырастаган мамлекеттик салык инспекциясынын маалым катын. Бул талап чет өлкөлүк талапкер - Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн милдеттүү эмес;
юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
баалуу кагаздардын катталгандыгы жөнүндө баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик органдын күбөлүгү (акционердик коомдор үчүн). Бул талап чет өлкөлүк талапкер - Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн милдеттүү эмес болуп эсептелет.
19. Табыштама менен бирге талапкер бардык берилген документтердин кол тамга коюлган тизимин 2 нускада берет.
Табыштама жана зарыл документтер талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан берилген учурда, ал талапкердин атынан аракеттенүүгө укугун ырастоочу документти көрсөтүүгө тийиш.
20. Берилген документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана конкурстун шарттарына ылайык келишин аныктоо үчүн конкурстук комиссия зарыл болгон учурда кошумча маалыматтарды суроого, ошондой эле берилген документтерди экспертизага жөнөтүүгө укуктуу.
21. Конкурстук комиссия тарабынан маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин келип түшкөн табыштамалар, ага тиркелген документтер кабыл алынбайт.
22.Талапкердин конкурска катышуусуна төмөнкү учурда жол берилбейт, эгерде:
берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талапкердин сатып алуучу болуу укугун тастыктабаса;
маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн тизмек боюнча бардык документтер берилбесе, же алар талаптагыдай таризделбесе, же конкурстун шарттарына же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе;
Сатуучунун эсебине белгиленген мөөнөттө насыя төлөмдүн түшүүсү тастыкталбаса.
Конкурска катышууга киргизилбеген талапкерге анын суроо-талабы боюнча табыштамаларды кабыл алуу протоколунун көчүрмөсү берилет.
23. Талапкер конкурстун катышуучусу деп таанылганга чейин жана табыштамаларды кабыл алуу протоколу таризделгенге чейин 3 күндөн кеч эмес мөөнөттө, талапкер Сатуучуга жазуу жүзүндө билдирүү жолу менен катталган арызды чакыртып алууга укуктуу, бул билдирүүнү конкурстук комиссияга жөнөтөт.
24. Табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин, конкурс өткөрүлгөнгө чейин түзүлүүгө тийиш болгон талапкерлерди конкурстун катышуучулары деп таануу жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими табыштамаларды кабыл алуу протоколу менен таризделет.
Табыштамаларды кабыл алуу протоколунда талапкерлердин аттарын (аталыштарын) көрсөтүү менен бардык кабыл алынган табыштамалардын тизмеги, сатуучу кабыл алуудан баш тарткан табыштамалардын тизмеги, кайра кайтарып алынган табыштамалардын тизмеги, конкурстун катышуучулары деп таанылган талапкерлердин аттары (аталыштары), ошондой эле конкурска катышууга уруксат берүүдөн баш тартылган талапкерлердин аттары (аталыштары) көрсөтүлөт.
25. Табыштамаларды кабыл алуу протоколуна конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кол тамга койгон учурдан тартып талапкер конкурстун катышуучусунун статусуна ээ болот.
Эгерде конкурстун катышуучусунун документтери боюнча эксперттердин терс корутундусу алынган болсо, бул катышуучу андан ары конкурска катыша албайт.
26. Сатуучу талапкерлер берген табыштамалардын аларга тиркелген документтердин сакталышын, ошондой эле табыштама берген жактар жөнүндө жана алар берген документтердин мазмуну жөнүндө маалыматтардын жашырындуулугун конкурстук комиссиянын жыйынында жарыяланган учурга чейин камсыздоо боюнча чараларды көрөт.
27. Катышууга табыштама берилбеген конкурс, же конкурска бир гана катышуучу киргизилген, же талапкерлердин бири да катышуучу болуп таанылбаган конкурс өткөн жок деп таанылат.
Конкурс өткөн жок деп таанылган учурда конкурстук комиссия конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт.
28. Коммерциялык жана инвестициялык конкурстарды өткөрүүдө катышуучулар конкурстук комиссияга менчиктештирүү объектисинин баасы боюнча сунуштарды беришет.
Менчиктештирүү объектисинин баасы боюнча сунуштар мамлекеттик же расмий тилдерде берилип, катышуучу тарабынан кол тамга коюлууга тийиш. Сунуштун баасы сөз менен көрсөтүлөт.
29. Конкурс өткөрүлгөндөн кийин жана конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт, ага жыйналышка катышкан конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кол тамга коюшат. Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол муниципалдык мүлктү Сатуучуга бекитүүгө берилет жана конкурс өткөрүлгөн күндөн кийин 10 күндүн ичинде бекитилет. Маанилүү маанидеги муниципалдык менчикти сатуу боюнча конкурс өткөрүлгөн учурда бул мөөнөт бир айга чейин узартылат.
Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
конкурстук комиссиянын курамы;
конкурстун катышуучулары жөнүндө маалымат;
конкурстун жыйынтыктары.
30. Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол ал Сатуучу тарабынан бекитилген учурдан тартып жеңүүчүнүн муниципалдык мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө укугун күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.
Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу Сатуучунун чечими жеңүүчүгө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол тамга койдуруу менен берилет же тапшырык кат менен почта аркылуу жөнөтүлөт.
Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун көчүрмөсү конкурстун катышуучуларына же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө алардын суроо-талабы боюнча кол тамга койдуруу менен берилет.
31. Муниципалдык мүлктү сатуучу конкурстун жеңүүчүсү менен сатып алуу-сатуу келишимин түзөт.
Конкурстун жеңүүчүсү муниципалдык мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн четтеген учурда (баш тарткан) ага кепилдик төгүмү кайтарылып берилбейт. Мындай учурда конкурска коюлган муниципалдык мүлк муниципалдык менчикте сакталат жана конкурска кайрадан коюлушу же башка ыкманы пайдалануу менен менчиктештирилиши мүмкүн.
III. Коммерциялык конкурс
32. Коммерциялык конкурс деп Сатып алуучу өзүнө белгилүү милдеттенмелерди алуу менен менчиктештирүү объектиси үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган конкурс таанылат.
33. Коммерциялык конкурстун негизги шартына менчиктештирүү объектиси үчүн баа боюнча сунуш кирет, ал конкурстун катышуучусу тарабынан берилет жана конкурстук комиссия тарабынан каралат.
Баштапкы сатуу баасынан төмөн бааны камтыган сунуштар каралбайт.
34. Коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү болуп конкурска коюлган менчиктештирүү объектиси үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган жана милдеттемелерди өзүнө алган катышуучу эсептелет.
Менчиктештирүү объектисине баа боюнча эки же андан көп сунуш бирдей болгон учурда конкурстук комиссия конкурстун катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана аларга менчиктештирүү объектисине жаңы бааларды дайындоону сунуш кылат.
Конкурстун катышуучулары жаңы бааларды белгилөөдөн баш тарткан учурда, финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрү эң жакшы деп эсептелген катышуучу жеңүүчү деп таанылат.
IV. Инвестициялык конкурс
35. Инвестициялык конкурс - бул менчиктештирүү объектисине карата белгилүү милдеттенмелерди сактоодон тышкары, бизнес-планды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон инвестициялык милдеттенмелерди өзүнө кошумча кабыл алууга даяр болгон Сатып алуучуга менчиктештирүү объекттерин сатуу.
36. Инвестициялык конкурстун негизги шарттарына конкурстун катышуучусу берген төмөнкү сунуштар кирет:
бизнес-планга ылайык өзүнө алган инвестициялык милдеттенмелердин көлөмү жана мүнөзү боюнча;
менчиктештирүү объектиси үчүн баа боюнча.
37. Инвестициялык конкурстун шарттарына ылайык тизмеги ушул Жобонун 17, 18-пункттарында баяндалган документтерге кошумча конкурстук комиссиянын дарегине талапкерлер төмөнкү документтерди беришет:
бизнес-план;
бизнес-планда чагылдырылган иш-чараларга ылайык кабыл алынуучу инвестициялык милдеттенмелердин көлөмү жана мүнөзү боюнча сунуштарды.
38. Инвестициялык конкурс эки этапта өткөрүлөт:
биринчи этапта бизнес-пландарды кароо, конкурстун катышуучуларынан келип түшкөн инвестициялык милдеттенмелер, алардын көлөмү жана мүнөзү боюнча сунуштарды экспертизалоо жүргүзүлөт;
экинчи этапта менчиктештирүү объектисинин баасы боюнча сунуштар каралат.
39. Биринчи этап конкурстук комиссия тарабынан табыштамаларды кабыл алуу протоколу түзүлгөндөн кийин өткөрүлөт. Биринчи этапты өткөрүү мөөнөтү конкурстук комиссиянын чечими менен аныкталат.
Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссия эң жакшы инвестициялык сунуштарды жана бизнес-планда чагылдырылган сунуштарды аныктайт жана эң оптималдуу инвестициялык долбоорлорду сунуш кылган конкурстун катышуучуларын аныктайт, алар экинчи этапка өтөт.
Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган конкурстун катышуучуларынын саны чектелбейт, бирок экиден кем болбоого тийиш.
40. Экинчи этапка инвестициялык конкурстун биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча бизнес-пландары жана инвестициялык сунуштары тандалып алынган конкурстун катышуучулары чакырылат.
Экинчи этапта конкурстук комиссия менчиктештирүү объектисинин баасы боюнча конкурстун катышуучуларынын сунуштарын карайт.
Баштапкы сатуу баасынан төмөн бааны камтыган сунуштар каралбайт.
41. Сунушу эң жакшы деп табылган катышуучу инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болот.
Сунушту эң жакшы деп таануу үчүн төмөнкү шарттар сакталууга тийиш:
конкурстун катышуучусунун бизнес-планы жана инвестициялык сунуштары инвестициялык конкурстун биринчи этабында тандалып алынышы керек;
конкурстун катышуучусу оптималдуу жана натыйжалуу инвестициялык планды сунуштаса;
конкурстун катышуучусу менчиктештирүү объектиси үчүн эң жогорку бааны сунуштаса.
Менчиктештирүү объектисинин баасы боюнча эки же андан көп сунуш бирдей болгон учурда инвестициялык сунушу эң жакшы деп эсептелген катышуучу жеңүүчү деп таанылат.
Инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган катышуучу менчиктештирүү объектисине карата милдеттенмелерди өзүнө алат.
V. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн тариздөө
42. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилгенден кийин муниципалдык мүлктү Сатуучу менен конкурстун жеңүүчүсүнүн (мындан ары - Сатып алуучу) ортосунда муниципалдык мүлктү сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт.
Муниципалдык мүлктү (кыймылсыз мүлк объекттерин) сатып алуу-сатуу келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
Муниципалдык мүлктү (муниципалдык баалуу кагаздардын топтомун) сатып алуу-сатуу келишими Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу боюнча мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
43. Сатып алынган муниципалдык мүлк үчүн эсептешүү тартиби, менчиктештирүү объектисине карата Сатып алуучу кабыл алуучу милдеттенмелер, ошондой эле бул милдеттенмелерди аткаруу тартиби сатып алуу - сатуу келишиминде чагылдырылат.
Муниципалдык мүлктү сатып алуу-сатуу келишиминде милдеттүү түрдө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
муниципалдык мүлктү Сатуучу жана Сатып алуучу жөнүндө маалыматтар;
келишимдин предметин аныктоо;
менчиктештирүү объектиси жөнүндө маалыматтар;
объектти сатып алуу баасы;
сатып алынган мүлк үчүн төлөмдүн формасы жана мөөнөтү;
менчиктештирүү объектисине карата Сатып алуучу өзүнө алуучу милдеттенмелер, алардын сандык туюнтулушу жана аткаруу мөөнөттөрү;
Сатып алуучу аталган мүлктү сатып алуу үчүн колдонгон инвестициялык жана (же) социалдык шарттар;
Сатып алуучу тарабынан мындай шарттардын жана милдеттенмелердин аткарылгандыгын тастыктоо тартиби;
менчиктештирүү объектисине карата Сатып алуучунун милдеттенмелерин өзүнө камтыган коммерциялык жана инвестициялык конкурстун шарттары Сатып алуучу тарабынан аткарылбаган учурда келишимди бузуу тартиби;
өз ара макулдашуу боюнча ушундай келишимдин тараптары тарабынан белгиленген башка шарттар.
44. Конкурста сатып алынган муниципалдык мүлк үчүн Сатып алуучунун эсептешүүсү сатып алуу-сатуу келишиминде аныкталган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
Сатып алуучу тарабынан Сатуучунун эсебине киргизилген кепилдик төгүм конкурста сатып алынган мүлктү төлөөнүн эсебине чегерилет.
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүүдө ыйгарым укуктуу орган сатуу баасынан тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган өлчөмдө комиссиялык жыйымды өндүрүп алат.
Комиссиялык жыйымды төлөө тартиби жана мөөнөтү сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленет.
45. Муниципалдык мүлккө жана муниципалдык акциялардын топтомуна менчик укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана муниципалдык мүлктү сатып алуу-сатуу келишими тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунан анын сатып алуучуларына өтөт.
46. Муниципалдык мүлктү Сатуучу коммерциялык же инвестициялык конкурста муниципалдык мүлктү сатуу жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тийиш. Бишкек шаарынын рыногунда үстөмдүк кылуучу же монополиялык абалды ээлеген менчиктештирүү объекттери боюнча маалымат бүтүм жасалган күндөн тартып бир айдын ичинде, калган менчиктештирүү объекттери боюнча - үч айдын ичинде жарыяланууга тийиш.
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдү эсептөө мөөнөтү бул мүлккө менчик укугу таризделген учурдан тартып аныкталат.
VI. Корутунду жоболор
47. Ушул Жобону бузуу менен өткөрүлгөн конкурстар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
48. Тараптардын ортосунда келип чыккан жана ушул Жобо менен жөнгө салынбаган талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
|
| Муниципалдык менчикти конкурста сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобого тиркеме |
|
| Коммерциялык же инвестициялык конкурсту даярдоо жана өткөрүү боюнча конкурстук комиссия 202__-жылдын "__" ________ |
Коммерциялык же инвестициялык конкурска катышууга ТИПТҮҮ ТАБЫШТАМА
Арыз ээси:
Юридикалык жактар үчүн
__________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы)
__________________________________________________________________
(жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты)
__________________________________________________________________
(юридикалык дареги, телефону, МФОнун эсептешүү эсеби)
Жеке жактар үчүн:
__________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
__________________________________________________________________
(паспорттук маалыматтары, катталган жери)
мындан ары - Талапкер аталуу менен
__________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
__________________________________________________________________
(документтин аталышы)
колдонуунун негизинде муниципалдык менчикте турган менчиктештирүү
объекттерин сатуу боюнча коммерциялык же инвестициялык конкурска катышуу
жөнүндө чечим кабыл алуу менен:
а) акциялардын саны ______________________________ даана, ал
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(акционердик коомдун аталышы, анын юридикалык дареги)
капиталынын ___% муниципалдык үлүш түзөт
же
б) башка мүлк _________________________________________________
__________________________________________________________________
(мүлктүн аты, анын негизги мүнөздөмөлөрү жана жайгашкан жери)
Милдеттенет:
1) менчиктештирүү объекттерин сатуу боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө белгиленген конкурстун шарттарын, ошондой эле муниципалдык мүлктү конкурста сатуу ыкмасы менен менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жободо белгиленген конкурс өткөрүү тартибин сактоого;
2) менчиктештирүү объектисине карата конкурстун шартында аныкталган милдеттемелерди өзүнө алууга;
3) конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган учурда, конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол бекитилген датадан 10 күндөн кечиктирбестен Сатуучу менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө;
4) Сатуучуга сатып алуу-сатуу келишими тарабынан аныкталган мөөнөттө конкурстун жыйынтыгы боюнча белгиленген мүлктүн наркын төлөөгө;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Сатуучуга комиссиялык жыйымды жана башка зарыл төлөмдөрдү төлөөгө.
Табыштамага төмөнкүлөр тиркелет:
юридикалык жактар үчүн:
уюштуруу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
талапкердин, табыштама бергенге чейинки абал боюнча акыркы кварталга карата бардык деңгээлдеги бюджеттерге салык төлөмдөрү боюнча мөөнөтүнөн кечиктирилген карызы жоктугун тастыктаган мамлекеттик салык инспекциясынын маалымкаты;
юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
жеке жактар үчүн:
эмгек китепчесинин мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
паспорт (табыштама бергенде талапкер өзү көрсөтөт).
Талапкердин (анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн) кол тамгасы.
М.О.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
|
И.Аденов |