Сравнение редакций…
Бишкек шаардык кеңешинин
2009-жылдын 29-сентябрындагы № 95 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаарынын адилет башкармалыгында 2008-жылдын
5-февралында каттоодон өттү. Каттоо номери 2-1-08
Бишкек шаары
2008-жылдын 15-январы № 391
ДЕПУТАТТАРДЫН БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаарындагы катуу тиричилик
таштандыларды ташып чыгарууга жана
утилизациялоого тарифтер жөнүндө
Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга жана
утилизациялоого тарифтер 2004-жылы бекитилген, ошондон бери тарифтер
алмашылган эмес. Ушул мезгилдин ичинде майлоочу-күйүүчү материалдарга,
отун-энергетикалык жана башка ресурстарга баалар өстү.
Катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга жана утилизациялоого
тарифтерди накталай өздүк наркына ылайык келтирүү максатында, шаардын
санитардык абалын жакшыртуу жана иш-аракеттин бул чөйрөсүнө жумушчуларды
тартуу, көрктөндүрүү жана жашыл чарба комбинаттарынын финансылык абалын
стабилдештирүү жана тармактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу
үчүн, Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши, токтом кылат:
1. 2008-жылдын 1-январынан тартып, Бишкек шаарынын калкы үчүн төмөн-
дөгүдөй тарифтер бекитилсин:
- катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга айына бир адамдан 9
сом 50 тыйын өлчөмүндө;
- катуу тиричилик таштандыларды утилизациялоого айына бир адамдан 50
тыйын өлчөмүндө.
2. 2008-жылдын 1-январынан тартып, Бишкек шаарынын пенсионерлери
үчүн төмөндөгүдөй тарифтер бекитилсин:
- катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга айына бир адамдан 3
сом 50 тыйын өлчөмүндө;
- катуу тиричилик таштандыларды утилизациялоого айына бир адамдан 50
тыйын өлчөмүндө.
3. 2008-жылдын 1-январынан тартып чарба жүргүзүүчү субъекттер (кыз-
маттарды керектөөчү I жана II топтор) үчүн катуу тиричилик таштандыларды
ташып чыгарууга жана утилизациялоого тарифтер тиркемеге ылайык бекитил-
син.
4. Бишкек шаарынын мэриясы (Б.Дж.Худайбергенов) 2008-жылдын 1-фев-
ралынан тартып калктан жана чарба жүргүзүүчү субъекттерден катуу тиричи-
лик таштандыларды ташып чыгаруу жана утилизациялоо үчүн каражаттарды
чогултуу жана акчасыз
эсептешүүгө өтүү механизмин "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча иштеп
чыксын.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
6. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2004-жылдын 7-апрелиндеги
№ 217
"Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга жана
утилизациялоого тарифтер жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын вице-
мэри Б.Дж.Худайбергеновго жана Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин
туракжай коммуналдык, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана
коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ж.Жусупов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык
Кеңешинин төрагасы А.Осмоналиев