Загрузка документа…
КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
КҮЧҮН ТОКТОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 20-февралы № 80
Мурда убактылуу пайдаланууга берилген жер участокторун сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү, жер участокторун сатып алуу жана жер участокторун сатуудан түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 19-февралындагы № 422 "Мурда ижаралык пайдаланууга бөлүнүп берилген жер участокторун сатып алуу процессин стимулдаштыруу жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн жана шаардык бюджетти толтуруу максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурда убактылуу (мөөнөттүү), анын ичинде ижара шартында пайдаланууга берилген жер участокторун сатып алуу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2. Жер участокторун сатып алуу боюнча шаардык комиссия (№ 2 тиркеме), жер участокторун сатып алуу боюнча райондук комиссиялар (№ 3 тиркеме), жана жер участокторун сатып алуу боюнча Чоң-Арыктык комиссия (№ 4 тиркеме) түзүлсүн.
3. Шаардык каржы башкармалыгы (Самыкбаев Э.) Казыначылыктын Бишкек бөлүмү (Бакетаев А.) жер участокторун сатуудан түшкөн акча каражатын төмөнкү ченемдер боюнча бөлүштүрүү тартибин иштеп чыксын жана ишке ашырсын:
- 65% - Бишкек шаарын өнүктүрүү фондусуна;
- 20% - Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү райондук администрациясына;
- 11% - шаардык бюджеттин кирешесине;
- 2% - Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына;
- 2% - күтүлбөгөн чыгымдар фондусуна.
4. Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясынын счетторуна жер участокторун сатуудан түшкөн каражаттар жалаң гана социалдык маанидеги долбоорлорду (мектептерди, ооруканаларды, бала бакчаларды, социалдык турак жайларды куруу) ишке ашыруу үчүн пайдаланылууга тийиш. Акча каражатынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын башчыларына жана Чоң-Арык айыл өкмөтүнүн башчысына жекече жүктөлсүн.
5. Бул токтом кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
6. Токтом белгиленген тартипте массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Бишкек шаарынын мэри | Д. Үсөнов
|