Сравнение редакций…
БИШКЕК ШААРДЫК МЭРИЯСЫ
ТОКТОМ
2008-жылдын 2-октябры № 436
Бишкек шаарында элдик иш-чараларды өткөрүү ордун аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жарандардын тынч, куралсыз жыйналуу, митинг жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Мыйзамынын 3-статьясын аткаруу үчүн, жарандардын Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билдирүүсүз элдик акцияларды өткөрүү укуктарын ишке ашыруу максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү аймактар жарандардын Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билдирүүсүз элдик акцияларды өткөрүү орундары деп аныкталсын:
- Байтик-Баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсү менен кесилишинде жайгашкан Бишкек шаарынын "Жеңиш" сейил багынын аймагы;
- Коенкөзөв, Рыскулов, Н.Исанов жана Пушкин көчөлөрү менен чектелген А.М.Горькийдин эстелигинин жанындагы сквердин аймагы.
2. Биринчи май жана Октябрь райондук администрацияларынын башчылары ( Бейшенкулов Б.Т., Салиев С.С.), Бишкек шаарынын ИИББсынын начальниги (Дегембаев Т.И.) "Жеңиш" сейил багында жана А.М.Горькийдин эстелигинин жанындагы сквердин аймагында жарандар тарабынан элдик иш-чараларды өткөрүү учурунда мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин сакталышын камсыз кылсын.
3. Бул токтом Бишкек шаардык адилет башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн жана массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо биринчи вице-мэр О.С.Тарбинскийге жүктөлсүн.
Бишкек шаарынын мэри | Н. Тюлеев |
Бишкек шаарынын Мэриясынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 401 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

|
|