Загрузка документа…
КЕРМЕТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 3-мартындагы № 15
Штаттык бирдиктер жөнүндө жана элдерден түшкөн арыздар боюнча
Керметоо айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени карап КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агентигинин 15-январь 2010-жылдын катынын негизинде КРнын өкмөтүнүн 4-декабрь 2009-жылдагы № 726-токтомунда айылдык округдар боюнча көрсөтүлгөн штаттык бирдиктерди бекитүү, атуулдардан түшкөн арыздар жана ар түрдүү маселелер боюнча төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин 15-январь 2010-жылдагы катынын негизинде КРнын өкмөтүнүн 4-декабрь 2009-жылдагы №726- токтомунда көрсөтүлгөн 16 16 шаттык бирдиги бекитилсин.
2 .Конкурстук тандоо атайын түзүлгөн комиссиянын курамынын негизинде өткөрүлсүн.
3. Кичик-Алай айылындагы Т. Осмонов атындагы орто мектебинин айланасын тосуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 30 ООО сом акча каражаты ажыратылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу мектеп директору Т. Темирбаевге милдеттендирилсин.
5. Манас участкасынын тургуну М. Олжобаевдин сураган жер аянты жер адиси А.Шерматов менен депутат К. Мурзаев тактап, аныктап келгенден соң, кийинки сессия да каралсын.
Керметоо айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Шамуратов.
|