Загрузка документа…
ТАШКОМУР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ташкомур шаардык депутаттар Кенешинин
IV-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясынын
2006-жылдын 24 февралы № 6
«Калктуу конуштардагы айыл чарбасына арналбаган
жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын
дифференциялоо К1-коэфициентин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 23-мартындагы № 57 «Айыл
чарба жерлерин, кароо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу
конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди
пайдалангандык учун жер салыгынын базалык ставкалары» жөнүндөгу
Мыйзамынын 7 статьясынын негизинде Ташкомур шаары жана ага караштуу
айыл Окмоттору боюнча «Калктуу конуштардагы айыл чарбасына арналбаган
жерлерди пайдалангандыгы учун жер салыгын дифференциялоо К1-
коэфициентин 2006-жыл учун бекитип беруу тууралуу Ташкомур шаардык
мэриясынын 20.02.2006-жылдагы № 54, шаардык салык инспекциясынын
20.01.2006-жылдагы № 91 кайрылууларын карап чыгып жана талкуулап
Ташкомур шаардык депутаттар Кенешинин IV-чакырылышынын кезексиз XII-
сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 23-мартындагы № 57 «Айыл
чарба жерлерин, кароо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу
конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди
пайдалангандык учун жер салыгынын базалык ставкалары» жөнүндөгу
Мыйзамынын 7 статьясына ылайык Ташкомур шаары жана ага караштуу айыл
Окмоттору (Шамалдысай, Кызылжар) боюнча 2006-жылга «Калктуу
конуштардагы айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы учун
жер салыгын дифференциялоо К1-коэфициенттери томонкудой аймактар
боюнча бекитилсин:
1. Шахта башкармалыгынан копурого чейн - К1 = 1,5
2. Копуродон Донкыштакка чейн - К1 = 1
3. Донкыштактан эски Мечитке чейн - К1 = 2
4. Микрорайон - К1 = 3
5. Осмонбекова, М.Нарбаева, Южный - К1 = 1
6. Достук, Гагарин жана Шопоков кочолору,
Кызылалам к/комитеттин аймагы - К1 = 1,5
7. Бишкек-Ош трассасынын жээктери - К1 = 3
8. Шамалдысай айыл Окмотунун борбору - К1 = 3
9. Шамалдысай айыл Окмотунун башка аймактары - К1 = 1,5
10. Тендик айылынын аймагы - К1 = 1
11. Кызылжар айыл Окмотунун аймагы, курулуш
аянтчалары - К1 = 1,5
12. «Кристалл» АКнун аймагы - К1 = 1,5
2. Ушул токтомду нормативдик укуктук акт катары мамлекеттик
каттоодон откоруп беруу жагы Жалалабат облустук Адилет башкармалыгынан
суралсын.
3. Ташкомур шаардык депуттар Кенешинин IV-чакырылышынын кезектеги
VII-сессиясынын 18.07.2005-жылдагы № 5 токтому кучун жоготту деп
эсептелсин.
4. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы шаардык Кенештин
алдындагы «Экономиткалык реформалоо, озун-озу башкаруу жана
финансылоо, аймактарды социалдык экономикалык жактан онуктуруу жана
бюджет меселеси» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Камчыбеков)
жуктолсун.
Ташкомур шаардык депуттар
кеңешинин төрагасы Ж.Кубатбеков