Загрузка документа…
ТАШКОМУР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ташкомур шаардык депутаттар Кенешинин
IV-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясынын
2006-жылдын 24 февралы № 5
Элге акылуу кызмат көрсөтүүдөн, чекене соода жүгүртүүдөн алынуучу
салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 191, 195-статьяларына
ылайык Ташкомур шаары жана ага караштуу айыл Окмоттору боюнча элге
акылуу кызмат көрсөтүүдөн жана чекене соода жүгүртүүдөн алынуучу жана
гостиницалык салыктардын толом ставкаларын 2006-жыл учун бекитип беруу
тууралуу Ташкомур шаардык салык инспекциясынын 20.01.2006-жылдагы № 89
кайрылуусун карап жана талкуулап Ташкомур шаардык депутаттар Кенешинин
IV-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ташкомур шаары жана ага караштуу айыл Окмоттору (Шамалдысай,
Кызылжар) боюнча кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 195, 191-
статьяларына ылайык 2006-жылга «Элге акылуу кызмат көрсөтүүдөн, чекене
соода жүгүртүүдөн алынуучу салыктардын жана гостиницалык салыктын
томондогу турлору киргизилсин жана ставкалары бекитилсин:
- элге акылуу кызмат көрсөтүүдөн жана чекене соода жүгүртүүдөн
алынуучу салык:
- жеке жактарга – 3%;
- юридикалык жактарга – 4%;
- гостиницалык салык:- 2%.
2. Ушул токтомду нормативдик укуктук акт катары мамлекеттик
каттоодон откоруп беруу жагы Жалалабат облустук Адилет башкармалыгынан
суралсын.
3. Ташкомур шаардык депуттар Кенешинин IV-чакырылышынын кезектеги
VII-сессиясынын 18.07.2005-жылдагы № 6 токтому кучун жоготту деп
эсептелсин.
4. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы шаардык Кенештин
алдындагы «Экономиткалык реформалоо, озун-озу башкаруу жана
финансылоо, аймактарды социалдык экономикалык жактан онуктуруу жана
бюджет меселеси» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Камчыбеков)
жуктолсун.
Ташкомур шаардык депуттар
кеңешинин төрагасы Ж.Кубатбеков