КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 3-февралы № 23-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Муканбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри, делегациянын жетекчиси; |
Исаев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Дамир уулу М. | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Абдыбалы тегин С. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Каримов Н.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Арапбаев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Алимбеков Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Сатыбалдиева А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адиси; |
Махаммадов А.М | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Азимов Ж.М. | - | Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Атаджанов Р.С. | - | Ош облусунун Өзгөн шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Дыйканбаев Б.Ж. | - | Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; |
Супаналиев Б.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Беков Т.Н. | - | Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун директору (макулдашуу боюнча). |
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдоруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |