Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-август 2009-жыл № 5\1.
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин (IV шайланган) 2-,3-,4-сессияларынын жыйналыштарында райондук Кеңештин депутаттары жана чыгып сүйлөгөн кызмат адамдары тарабынан айтылган сын, сунуш, пикирлерди аткарууга алуу боюнча түзүлгөн райондук Кеңештин иш чараларынын аткарылышы жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин (IV шайланган) сессияларынын жыйналыштарында райондук Кеңештин депутаттары жана башка чыгып сүйлөгөн кызмат адамдары тарабынан айтылган сын, сунуш, пикирлерди аткарууга алуу боюнча түзүлгөн райондук Кеңештин иш чараларынын аткарылышы жөнүндө депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин жетектөөчү адиси С.Кадыралиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин туруктуу комиссиянын кошмо жыйналышынын сунушун эске алып, депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин (IV шайланган) сессияларынын жыйналыштарында райондук Кеңештин депутаттары жана чыгып сүйлөгөн кызмат адамдары тарабынан айтылган сын, сунуш, пикирлерди аткарууга алуу боюнча түзүлгөн райондук Кеңештин иш чараларынын аткарылышы боюнча өз деңгээлинде чара көрүшпөгөндүктөрү жана райондук Кеңешке жазуу жүзүндө билдиришпегендиктери Кызыл-Жар (С.Ботоноев), Алайку (Н.Бопоев), Кара-Кочкор (Б.Эргешов), Сары-Булак (К.Кармышаков), Чалма (К.Сатыбалдыев), Кара-Кулжа (Т.Абилов) айылдык округдарынын башчыларына, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы П.Дыйкановдорго көрсөтүлсүн жана эгерде мындан ары да ушундай мамиле кылына турган болсо, жоопкерчиликтери райондук Кеңештин кезектеги сессиясында каралып тиешелүү жыйынтыктар чыгарыла тургандыгы алардын көңүлдөрүнө салынсын.
2. Учурдагы мыйзам актыларына ылайык депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин сессияларынын жыйналыштарында чыгып сүйлөгөн депутаттар, кызмат адамдары тарабынан айтылган сын, сунуш, пикирлерди аткаруу менчигинин түрүнө карабастан райондун аймагындагы бардык мекеме, ишкана, уюмдардын милдети катары эсептелинсин жана мындай иш чаралардын аткарылышы боюнча өз убагында райондук Кеңешке мөөнөтүндө жазуу жүзүндө жооп берүү жагы аларга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин жетектөөчү адиси С.Кадыралиевге тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов
|