Загрузка документа…
КАРА КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-август 2009-жыл № 5\2
Кара-Кулжа районунун 2009-жылга бекитилген бюджетинин 2009-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө
Кара-Кулжа районунун 2009-жылга бекитилген бюджетинин 2009-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндөгү Кара-Кулжа райондук финансы бөлүмүнүн башчысы С.Толоновдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын райондук Кеңешинин туруктуу комиссиянын кошмо жыйналышынын сунушун эске алып, депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа районунун 2009-жылга бекитилген бюджетинин 2009-жылдын 1-жарым жылдыгында кирешелер бөлүгү 20474,9 мин сомго, чыгаша бөлүгү 16892,4 мин сомго, кирешенин чыгашадан 3582,5 мин сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин. (№ 1,2 - тиркемелер тиркелет).
2. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акимдин резервдик фонду 2009-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен 180,7 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (№3 тиркеме тиркелет).
3. Райондун аймагындагы бюджетте турган мекеме уюмдарга, айыл Өкмөттөргө берилген акча каражаттарынын өз максаттарына жумшалышын туруктуу көзөмөлгө алуу жагы райондук финансы бөлүмүнүн жетекчилигине, ал эми салык өндүрүүнү өз деңгээлинде жолго коюу жактары райондук салыктар жана жыйымдар башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Мугалимдердин эмгек акьларынын өз убагында берилишин камсыз кылуу айылдык округдардын башчыларына, ал эми аны камсыз кылууну көзөмөлдөө жагы райондук финансы бөлүмүнө (С.Толонов) милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (З.Шалтаков) жана райондук Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы
|
К. Алиязов
|