Загрузка документа…
КАРА - КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30- октябры № 6\1
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин (IV шайланган) сессияларынын жыйналыштарында жана кезектеги бешинчи сессиясынын (IV шайланган) жыйналышында райондук Кеңештин депутаттары жана башка чыгып сүйлөгөн кызмат адамдары тарабынан айтышкан сын,сунуш,пикирлерди аткарууга алуу боюнча түзүлгөн райондук Кеңештин иш чараларынын аткарылышы жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин (IV шайланган) сессияларынын жыйналыштарында жана кезектеги бешинчи сессиясынын (IV шайланган) жыйналышында райондук Кеңештин депутаттары жана башка чыгып сүйлөгөн кызмат адамдары тарабынан айтьшкан сын, сунуш, пикирлерди аткарууга алуу боюнча түзүлгөн райондук Кеңештин иш чараларынын аткарылышы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин (IV шайланган) сессияларынын жыйналыштарында жана кезектеги бешинчи сессиясынын (IV шайланган) жыйналышында райондук Кеңештин депутаттары жана башка чыгып сүйлөгөн кызмат адамдары тарабынан айтьшкан сын, сунуш, пикирлерди аткарууга алуу боюнча түзүлгөн райондук Кеңештин иш чараларынын аткарылышы айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Райондук Кенеш тарабынан түзүлүп жөнөтүлгөн иш-чараларга өз убагында аткарылышы боюнча маалымат бербегендиги белгиленүү менен мындан ары мындай кемчилдиктерди кайталабоо жактары бул мекемелердин жетекчилерине эскертилсин жана бул кемчилдиктер дагы кайталана турган болсо алардын аткаруучулук тартиптеринин начардыгы тармактык министрликтерине билдирилээри аталган жетекчилердин көңүлдөрүнө салынсын.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин жетектөөчү адиси С.Кадыралиевге тапшырылсын.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов |