Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-октябры №6\2
Кара-Кулжа районунун 2009-жылга бекитилген бюджетинин 2009-жылдын 9 айында аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө
"Кара-Кулжа районунун 2009-жылга бекитилген бюджетинин 2009-жылдын 9 айында аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндөгү" райондук финансы бөлүмүнүн башчысы С.Толоновдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, райондук Кеңештин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик. маалымдуулук, жаштардын иштери социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын жана депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин туруктуу комиссияларынын жетинчи кошмо жыйналышынын сунушун эске алып, депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа районунун 2009-жылга бекитилген бюджетинин 2009-жылдын 9 айынын кирешелер бөлүгү 27405,3 мин сомго, чыгаша бөлүгү 24572,0 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (№1 ,№2 тиркемелер тиркелет).
2. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысьшьш-акимдин резервдик фонду 2009-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 232,2 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (№3 тиркеме тиркелет).
3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен кошумча келип түшкөн акча каражаттарынын аткарылышы бекитилсин. (№ 4 тиркеме тиркелет).
4. Райондун аймагындагы бюджетте турган мекеме-уюмдарга, айылдык округдарга берилген акча каражаттарынын өз максаттарына жумшалышын туруктуу көзөмөлгө алуу жагы райондук финансы бөлүмүнүн жетекчилигине, ал эми салык өндүрүүнү өз деңгээлинде жолго коюу жактары райондук салыктар жана жыйымдар башкармалыгына милдеттендирилсин.
5. Райондук финансы бөлүмүнүн башчысы С.Толоновго:
-райондук бюджетте турган мекеме,уюмдардын,мектептердин таза сууну пайдалануу акысына жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын болуп берүүнү караштыруу:
райондук бюджеттен көп суммадагы статьялардан жылдырыла турган акча каражаттарын райондук Кенештин социалдык-маданий ,билим беруу, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономика өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы менен алдын ала макулдашып чечүү;
-жылдык бюджетти түзүүдө райондук бюджетке караган мекемелердин жетекчилеринин керектөөлөрүн эске алып долбоор түзүп, ал долбоорду райондук Кеңештин сессиясына чейин бир жума мурун бюджет боюнча туруктуу комиссиянын кароосуна сунуш кылуу;
Райондук Кеңештин 2009-жылдагы сессияларына материалдарды даярдоодо бюджеттен акча каражаттары каралбай калгандыгына байланыштуу офисттик ар турдуу чыгымдарга райондук Кенешке райондук бюджеттен 10 мин сом өлчөмүндө акча каражатын болуп берүү жагы милдеттендирилсин.
6. Таза суу менен калкты камсыз кылуу, ага төлөнүүчү акча каражаттары боюнча маселени айылдык округдук Кеңештердин туруктуу комиссияларынын жыйналыштарында карап, талкуулап, ал маселени жакшыртуу боюнча тиешелуу чараларды көрүү жагы райондун аймагындагы айылдык округдардын башчыларына жана айылдык округдук Кеңештердин төрагаларына сунуш кылышсын. Таза сууну пайдалануудан карыз болгон 63 мин сом акча каражатын чечип, "Сур-Таш" коомдук мекемесине көтөрүү жагы Кара-Кулжа айылдык округунун башчысы Т.Абиловго тапшырылсын.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик,маалымдуулук,жаштардын иштери социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (З.Шалтаков) жана райондук Кеңештин аппаратына тапшырылсын.
Кара-Кулжа райондук кеңештин төрагасы |
К.Алиязов |