Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫ
(I ЧАКЫРЫК)
2004-жылдын 30–июлу № 58
Калкка акы төлөнүп кызмат көрсөтүүдөн жана патенттик негизде
ишкердик ишмердуулук жүргүзүп жатышкан физикалык жактардын чекене
соода жүргүзүүсүнөн алынуучу салыктардын өлчөмүн кайра кароо жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 121/04-51-3
калкка акы төлөнүп кызмат көрсөтүүдөн жана патенттик негизде ишкердик
ишмердуулук жүргүзүп жатышкан физикалык жактардын чекене соода
жүргүзүүсүнөн алынуучу салыктардын өлчөмүн капра-карап чыгуу жөнүндөгү
катын жана ушул тууралуу 2004-жылдын 12-февралындагы № 123-токтомун
карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, тышкы
экономикалык ишмердуулук жана кичи жана орто бизнести колдоо
маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын токтомуна ылайык,
ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске
алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкка акы төлөнүп кызмат көрсөтүүдөн жана патенттик негизде
ишкердик ишмердуулук жүргүзүп жатышкан физикалык жактардын чекене
соода жүргүзүүсүнөн алынуучу салыктардын өлчөмү бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык
Кеңешинин бюджет, тышкы экономикалык ишмердүүлүк, чакан жана орто
бизнести колдоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына
(Иминов А.Р.) жуктолсун.
Депутаттардын Ош шаардык
Кеңешинин торагасы Т.Латибжанов