Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫ
(I ЧАКЫРЫК)
2004-жылдын 30-июлу № 57
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиктеги жерлерин (жер
тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмдөрүн эсептөөлөрдү бекитүү
жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2004-жылдын 3-июнундагы Лг9347\07-3-8-катын
карал чыгып, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиктеги жерлерин
(жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмдөрүн эсептеп чыгуу
боюнча эсептөөлөрдү талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин
коммуналдык менчик, курулуш жана архитектура маселелери боюнча
туруктуу депутаттык комиссиясынын токтомун жана сессияда чыгып
сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош
шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиктеги жерлерин (жер
тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмдөрүн эсептеп чыгуу боюнча
эсептөөлөр бекитилсин (тиркелет).
2. Ош шаарынын мэриясына (Чырмашев С.Ч.) бекитилген Ош шаарынын
мэриясынын муниципалдык менчиктеги жерлерин (жер тилкелерин)
пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмдөрүн эсептеп чыгуу боюнча
эсептөөлөрдү шаардык юстиция бөлүмүнөн каттоодон өткөрүү жана массалык
маалымат каражаттарында чагылдыруу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык
Кеңешинин коммуналдык менчик, курулуш жана архитектура маселелери
боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Алишеров К.А.) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык
Кеңешинин төрагасы Т.Латибжанов