Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-апрели № 94
2008-жылдын 18-июнунда № 45 депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясында кабыл алынган " Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысын өзгөртүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын "Ош шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардагы жол кире акысын (тариф) бекитүү жөнүндөгү" 2009-жылдын 27-мартындагы № 134-03-07, Кыргыз Репсубликасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнүн каттарын карап талкуулап, өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук - энергетикалык комплекси жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын токтомунун негизинде жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2008-жылдын 18-июнунда № 45 депутаттардын Оы шаардык Кеӊешинин сессиясында кабыл алынган "Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысын өзгөртүү жөнүндөгү токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- кичи автобустар -5 сом;
- автобустар -4 сом;
- шаардын аймагынын чегинен чыгуучу кичи автобустар -6 сом.
Саат 21:00 ден 24:00 ге чейин; -кичи автобустар-10 сом;
-автобустар - 8 сом.
2. Жогоруда бекитилген Ош шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардагы жол кире акысын (тариф) калктын калыц катмарына жеткирүү максатында шаардык " Ош шамы" гезитине жарыялансын.
З. Бул токтомду Ош шаардык адилет башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин башкы 1дис-юристине (М.Авазов) тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |