Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-апрели № 99
Ош шаарында ашма көпүрө куруу үчүн "Үч-көчө жана ага келип кошулуучу Карасуу, Базар, Ленин, Ош, Курманжан-Датка көчөлөрүнүн аймагында" бузууга ылайык келген кыимылсыз мулккө кирген обьектер боюнча жарандык бүтүмдөрдү жасоого мароторий киргизүү жөнүндө
Ош шааарынын мэриясынын 2009-жылдын 3-апрелиндеги № 147/01-07- Ош шаарында ашма көпүрө куруу үчүн "Үч-көчө жана ага келип кошулуучу Карасуу, Базар, Ленин, Ош, Курманжан-Датка көчөлөрүнүн аймагында" бузууга ылайык келген кыймылсыз мулккө кирген обьектер боюнча жарандык -укуктук бүтүмдөрдү жасоого мораторий киргизуу жөнүндөгү маселеси боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мулк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын токтомунун негизинде жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында ашма көпүрө куруу үчүн "Уч-кече жана ага келип кошулуучу Карасуу,Базар, Ленин, Ош, Курманжан-Датка кечелерунун аймагында" бузууга ылайык келген кыимылсыз мулкке кирген обьекттер боюнча жарандык-укуктук бутумдерду жасоого мораторий киргизилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (М. Мырзакматов) аталган токтом боюнча тиешелуу мекеме- ишканалар менен биргеликте иш -чаралар түзүлүп, ал боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду калктын кальӊ катмарына жеткирүү максатында шаардык " Ош шамы" гезитине жарыялансын.
4. Бул токтомду Ош шаардык адилет башкармалыгынан мамлекеттик катоодон өткөрүү жагы депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин башкы адис-юристине (М.Авазов) тапшырылсын.
5. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мулк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) тапшырылсын.
Депутаттардын Ош шаардык кеӊешинин төрагасы |
Д.Алимбеков
|