Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-январы № 24
Керметоо айылдык округуна караштуу жер аянтын Ош шаарынын мериясына өткөрүп берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык Кеңешинин депуттары Гулбаар айылындагы 200 гектар жер аянттын кичи шаарча куруу үчүн Ош шаарынын мэриясына өткөрүп берүү жана ар түрдүү маселелерди карап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Керме-Тоо айылдык округунун атуулдарынын турак жайга болгон муктаждыктарын жана Ош шаарынын тургундарынын турак жайга болгон муктаждыктарын канатаандыруу максатында Ош шаарынын мериясынын сураныч катынын негизинде Керме-Тоо айылдык округунун аймагынан 200 га жер аянты Ош шаарынын менчигине өткөрүлүп берилсин.
Төмөндөгүдөй шарттар менен:
2. Керме-Тоо айылдык округунун турак жайга муктаж болгон 980 атуулдарына биринчи кезекте турак жай куруу үчүн жер участогу ажыратылып берилсин.
3. 200 га жер ичиндеги бак тиккен арендатор тургундардын кеткен чыгымдарына төлөнүүчү компенсациянын өлчөмү бак ээлеринин макулдугунун негизинде төлөнүп берилсин.
4. Көп жылдан бери иштетип келген бак ээлерине бир үй-бүлө мүчөсүнө турак жай куруу үчүн кезексиз жер участогу ажыратылып берилсин.
5. Ош-Араван чоң жолунан жаңы шаарчага баруучу негизги 10км Гулбаар айылынын жолу тратуарлары менен курулуп асфальталсын.
6 Керме-Тоо айыл округунан турак жай үчүн берилген жерге социалдык-инфраструктурасын куруу Ош шаарынын мэриясына милдеттен дирил син.
7. Чоң Араван-Сай каналы ишке түшүрүлсүн.
8. Керме-Тоо айылдык округунун тургундары Араван-Акбуура каналынан суу ичкендиктен курулуучу кичи шаарчанын таштандыларына булгангандыктан таза суу долбоорунан Керме-Тоо айылдык округуна «Таза суу» түтүктөрүн куруу 2011-жылга каржылансын.
9. Турак жай куруу үчүн транформацияга даярдалган 17,0 га сулуу, 35 га кайрак жердин документин областтык администрациясы оң жагына чечип берсин.
10. Жогорудагы шарттарды аткаруу үчүн Керметоо айылдык округу жана Ош шаарынын мэриясынын ортосунда атайын түзүлүгөн келишим юридикалык каттоодон өткөндөн кийин Керме-Тоо айылдык округунун айылдык кеңешинин сессиясында кабыл алынган токтом мыйзамдуу деп кабыл алынсын.
11. Араван районунун жайыт комиссиясына Керметоо айыл округунун Кошчан-1, Кошчан 2, жайыттарынын чек арасын калыстык менен тактап берүүсү суралсын.
Тепе-Курган айыл округунун айылдык кеңешинин бизге тийиштүү болгон Кошчан-1, Кошчан 2, жайыттарды ижара акысын жер налогун топтоо токтотулсун. Бул тууралуу Тепе-Курган айылдык кеңешине эскертүү каты жөнөтүлсүн.
Керме-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Шамуратов
|