Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-март №25
Керметоо айылдык кеңешинин депутатары күн тартибиндеги маселени карап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Акиташ жана бышкан кирпич чыгаруучу минизавод куруу боюнча инвестордун арызы лицензия алып келгенден кийин кийинки сессияда каралсын.
2. «Араван-Юг» араван цемент заводу менен түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. «Араван-юг» араван цемент заводу менен түзүлгөн келишимди өзгөртүү боюнча «Араван-Юг» цемент заводуна билдирүүлөрдү жасап сүйлөшүлөрдү жүргүзүү иштери Керметоо айыл округунун башчысы А.Атазаковко милдетендирилсин
4. КРнын өкмөтүнүн 2009.19.10.№ 657-токтомунун негизинде АКӨБнын башчыларынын ыйгарым укуктары өткөрүп берилсин.
5. Керметоо айыл өкмөтүндөгү төмөнкү кызмат көрсөтүүлөр
1. Көчүрмө (ксерокопия)-З (үч)сом .
2. Маалым кат (справка) - 5 (беш) сом.
3. Түтүн акчасы (вывоз мусор) -20(жыйырма) сом болуп бекитилсин.
6. Керметоо айылдык кецешинин депутаты Абдуллаев Асилбек айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлансын.
7. Керметоо айыл округунун аймагындагы жол боюндагы жерлерди арендага алып соодадехникалык жана башка тейлөө түйүндөрүн куруу боюнча жазган атуулдардын арызы канаатандырылсын. жана пайда алып келүү мүмкүнчүлүгүнө жараша ижара акылары 1000(миң)сомдон төлөнсүн.
8. Жеңиш участкасынын тургуну Анарбаев Жүрөттүн өзү өздөштүрүп 0,30 жерди өзүнүн менчигине өткөрүү туурасындагы арызы кийинки сессияга калтырылсын.
9. Чөгөм айылынын АКӨБ нын башчысы С.Мамаджаровдун Акталаа участкасына трансформатор коюу туурасындагы сунушу канаатандырылып, айыл округунан жер аянты ажыратылып берүү жагы суралсын.
Керметоо айылдык Кецешинин төрагасы | А.Шамуратов
|