Загрузка документа…
КЕРМЕТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-февралы № 14
Айылдык округдун курултайын чакыруу жөнүндө
Керметоо айылдык Кеңешинин депутаттары Керметоо айылдык округунун Курултайын чакыруу жөнүнүдөгү маселени талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. Керметоо айылдык округунун 2010-жылдын 9-февралында саат 11:00 чакырылсын жана Э. Кебекбаев толук эмес орто мектебинин спорт залында өткерүлсүн.
2. Керметоо айылдык округунун курултайына даярдык көрүү, Аны уюштуруу боюнча комиссиянын курамы №1-тиркеме боюнча тиркелсин.
3. Курултайга шайлануучу делегаттардын курамы 250 кишиден болсун деп бекитилсин.
4. Курултайга делегаттарды шайлоо айылдык жыйындарда жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында ар бир 21 кишиден бирден делегат болсун деген өкүлчүлүгү бекитилсин.
5. Курултайга айылдардан делегаттарды шайлоону көрсөтүү үчүн элдик жыйындарды айылдарда өткөрүүнүн графиги №2- теркемеге ылайык бекитилсин.
6. Элдик жыйындар айылдарда график боюнча өткөрүлүп,бул тууралуу кабыл алынган чечим, Керметоо айылдык Кеңешине делегаттарга мандат берүү сунушун, иштерин уюштуруу аталган уюштуруу комиссиясына тапшырылсын.
7. Айылдык округдун айыл өкмөтү Курултайдын өткөрүлүшүн материалдык -техникалык жактан камсыз кылсын.
Керметоо айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Шамуратов |