Загрузка документа…
КЕРМЕТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
20-апрель. 2010-ж № 17
Жол акысын белгилөө жөнүндө
Керметоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Гүлбаар -Ош каттамы микроавтобустардын жол акысын белгилөө . айылдык милиция бөлүмчөсүн ачуу, атуулдардан түшкөн арыздар жана ар түрдүү маселелерди карап төмөндөгүдөй токтом кылат:
1.Ош-Гүлбаар каттамы боюнча жол акысы 17 сом деп белгиленсин.
2.Керметоо айылдык округунун аймагында айылдык милиция бөлүмчөсүн ачууга тийиштүү жерлерге документация иштери жөнөтүлсүн.Айылдык милиция бөлүмчөсүн ачуу үчүн атайын имарат жана аны оңдоп түзөө (ремонттоо) үчүн тиешелүү акча каражаты каралсын.
3.Таза суу программасы боюнча Керметоо айылдык округунун башчысы А.Атазаковдун сунушу кабыл алынсын.
4.Арыз ээлери Качыбаев Аскардын,Адашов Маматалинин арыздары канаатандырылсын.
5.Бирлик участкасындагы мечитке таандык жерди арыз ээси М. Тойгонбаевдин атына өткөрүп берүү жана мечитке атын коюу боюнча жазган арызы канаатандырылсын.
Керметоо айылдык Кеңешинин төрагасы
| А.Шамуратов
|
:.