Загрузка документа…
КЕРМЕТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-апрелиндеги № 18
Жайыттарды ижарага берүү жөнүндө
Керметоо айылдык Кеңешинин депутаттары Керметоо айылдык округундагы жайыттар боюнча тактоо жана аны ижарага берүү баасын бекитүү, атуулдардан түшкөн арыздарды кароо менен төмөндөгүдөй токтом кылат:
1.Керметоо айылдык округунун аймагындагы жайыттар ижарага 1 га аянты 55 сом дон деп бекитилсин.
2 .Атайын түзүлгүн жайыттар боюнча комиссиянын курамы айыл округунун жайыттарын ажыратып алуу үчүн тийиштүү жерлерге барып тактап келүүсү комиссиянын торагасы А. Шерматовго жана жайыттар боюнча комитеттин төрагасы Ж.Тагаевге милдеттендирилсин .
3. Жогорудагы көрсөтүлгөн жайыттарды мыйзамдуу түрдө Керметоо айылдык жайыт комитетине ажыратып берүү жагы райондук жайыт комиссиясынан суралсын.
4. Ажыратып берилген жайыттарды бекитип берүү жагы Араван райондук Кеңешинен суралсын .
5 .Жаанбаев Кожоназардын арызы боюнча жогорудагы көрсөтүлгөн комиссиянын курамы жеринде текшерип,жыйынтыгын кезектеги сессияга билдирүү даярдалсын.
6. Жусупов Алтынбек Туйбаевичтин,Тойгонбаев Маматемин жана Алыкулов Улукбектин арыздары канаатандырылсын.
.
Керметоо айылдык Кеңешинин төрагасы
| А.Шамуратов
|