Загрузка документа…
КЕРМЕТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-майындагы №19
Цементтин баасы жана көчөгө ат коюу жөнүндө
Керметоо айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,Араван цемент заводунан алынып келинген цементтин баасын аныктап,алынып келинген цементти атуулдарга таркатуу үчүн комиссия курамын бекитүү менен атуулдардан түшкөн арыздарды кароо үчүн маселелерди чечүү максатында токтом кылат.
1. Араван цемент заводунан алынып келинген цементтин баасы 1кг.үчүн 5 сом 25 тыйын делинип бекитилсин жана аны алып келип элдерге сатуу жоопкерчилиги К.Мурзаевке жүктөлсүн .
2. Алынып келинген цементти атуулдарга таркатуу боюнча жогорудагы көрсөтүлгөн комиссия курамы бекитилсин .
3. Жеңиш айылынын тургундарынын жазган арызы канааттандырылып көп жылдан бери кароол болуп эмгектенген Сайназаров Орозбайдын аты эски таразы складка кетчү көчөгө берилсин.
Керметоо айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Шамуратов
|