Загрузка документа…
КЕРМЕТОО АЙЫЛ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-сентябры № 22
Талапкерлер менен жолугушуу жайларын белгилөө
Керме-Тоо айылык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселелер тууралуу 2010-жылдын 10-октябрь айында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине талапкерлер менен шайлоочулардын жолгушуучу жайларын бекитүү, саясий партиялар тарабынан илинген чакырыктарга (лозунгдар) аренда акысын белгилөө, КР нын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону тынч өткөрүү максатында алкоголдук ичимдиктерди сатуу боюнча убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө, жана ар түрдүү маселелерди карап төмөндөгүдөй токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Керме-Тоо айылдык округунун аймагындагы Жениш участкасынын Э.Кебекбаев толук эмес орто мектебинин имаратынын алдында.
2. Токтогул атындагы орто мектебинин стадиону
3. Т.Бекенов атындагы орто мектебинин алды
4. Ар түрдүү лозунг чакырыктарды илүү үчүн 2 сталбанын ортосу 250 сом дон белгиленсин.
5. Олжобаев Мусага Жениш участкасындагы өзү пайдаланып жаткан эт сатуучу дүкөндүн жанынан 150м кв жер түз берүү жолу менен берилсин жана чечим чыгарып берүү жагы айылдык округунун башчысы А.Атазаковдон суралсын.
6. Жениш участкасынын тургуну Эргешов Базарбайдын арызы канаатандырылсын жана 2003-жылдын 18-мартындагы № 16$ 1421 чечиминдеги 2595 кв м жерди тактап таап берүү жагы Керме-Тоо айылдык округунун жер адиси А.Шерматовго милдеттендирилсин.
Керметоо айылдык Кеңешинин төрагасы |
А. Шамуратов
|