Загрузка документа…
КАБЫЛАН – КӨЛ АЙЫЛДЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 – жылдын 28 - мартын № 20/2
Кабылан – Көл айылдык округунун 2010 – жылдын бюджетинин аткарылышы, 2011 - жылдын бюджетин жана 2012 – 2013– жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кабылан – Көл айылдык округунун 2010 – жылдын бюджетинин аткарылышы, 2011 – жылдын бюджетин бекитүү жана 2012 – 2012 – жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө айылдык округунун Ф.Э.Б башчысы Н. Сагынбаевдин билдирүүсүн угуп Кабылан – Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кабылан – Көл айылдык Кеңешинин 2010 – жылга бюджетинин киреше бөлүгү 6254,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү 6174,6 миң сомго башкача айтканда 79,8 миң сомго ашыкча аткарылгандыгы белгиленсин.
2.2011 – жылдын бюджетинин кирешежана чыгашалары 4867,4 миң сомго белгиленсин.
3.Анын ичинен максаттуу грантка 2773,4 миң сом, толуктоочу грант 1834,5 миң сом, өздүк кирешелер 259,5 миң сом. 2012 – жылдын бюджетинин долбоору 10622,9 миң сомго, 2013 – жылдын долбоору 10851,9 миң сомго белгиленсин.
4.2011-жылдын бюджетинин кирешелери жана чыгашалары тиркемелердеги эсептерге ылайык аныкталсын.
5.Айылдык округдун ичинде, акча каражаты жетишпеген кээ бир статьяларга, башка статьялардан которуп жумшоо жана пландан ашыкча аткарылган акча каражатын муктаж болгон статьяларга бөлүп берүү айылдык Кеңештин бюджеттик экономикалык туруктуу комиссиясынын макулдугу менен айылдык Кеңештин чечиминин негизинде уруксат берилсин.
6.Айылдык Кеңештин 2011 – жылдагы бюджетинин сметасынын кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн ар бир статьясынын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кабылан – Көл айылдык кеңешинин төрагасы |
Д. Касымбеков
|