Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28 - марты №20/ 3
Кабылан-Көл айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга карата бюджетин бекитүү, ошондой эле 2011 жылга карата айыл округунун өнүктүрүү стратегиялык планынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Кабылан-Көл айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга карата бюджетин долбоору жөнүндөгү маалыматты, ошондой эле 2011- жылга карата айыл округунун социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүүгө даярдалган стратегиялык өнүгүү планынын долбоору боюнча билдирүүлөрүн угуп жана кызуу талкуулап Кабылан-Көл айылыдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы эске алынсын жана 2011- жылга карата түзүлгөн бюджетинин долбору бекитилсин.
2. Кабылан-Көл айыл округунун 2011-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча стратегиялык планынын долбоору жактырылсын жана бекитилсин.
3. 2011-жылга карата айыл округунун социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча стратегиялык планын ишке ашыруу максатында Кабылан-Көл округунун тиешелүү кызматкерлерине төмөндөгүлөр милдеттендирилсин: стратегиялык өнүгүү планынын негизинде 2011-жылга карата социалдык өнүгүү планын ( анын ичинде экономикалык божомол), анын иш чараларын иштеп чыксын жана аны ишке ашырсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңштин төрагасына жана туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы | Д.Касымбеков
|