Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылыдын 28 – марты №20/4
Кабылан-Көл айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-2013 - жылдарга карата бюджетин бекитүү, ошондой эле 2011-2013 - жылдарга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча стратегиялык планынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Кабылан-Көл айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-2013 - жылдарга карата бюджетин долбоору жөнүндөгү маалыматты, ошондой эле 2011-2013 - жылдарга карата айылдырды социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүүгө даярдалган стратегиялык өнүгүү планынын долбоору Кабылан-Көл айылдык округунун башчысы Т.Камиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы эске алынсын жана 2011-2013 - жылдарга карата түзүлгөн бюджетинин долбоору бекитилсин.
2. Кабылан-Көл айыл округунун 2011-2013 - жылдарга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча стратегиялык планынын долбоору жактырылсын жана бекитилсин.
3. 2011-2013 - жылдарга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча стратегиялык планын ишке ашыруу максатында Кабылан-Көл округунун тиешелүү кызматкерлерине төмөндөгүлөр милдеттендирилсин: стратегиялык өнүгүү планынын негизинде 2010-2012 - жылдарга карата социалдык өнүгүү планын ( анын ичинде экономикалык божомол), анын иш чараларын иштеп чыксын жана аны ишке ашырсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасына жана туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы |
Д.Касымбеков |