Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы (төртүнчү шайланган)
2011-жылдын 26-ноябры №1
Отуз-Адыр айылдык округунун аймагындагы айылдарга айыл статусун берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык округунун аймагындагы Беш–Кепе, Чоок, Кожом–Бак, Казак жана Ош–3000 айылдарынын жашоочуларынын сунуштарын карап, талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Отуз-Адыр айылдык округунун аймагындагы Беш–Кепе, Чоок, Кожом–Бак, Казак жана Ош–3000 айылдарына айыл статусу берилсин.
2.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кара–Суу райондук мамлекеттик администрациясынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
3.Жогоруда аталган айылдарга айыл статусун ыйгаруу боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдоо жана бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө (А.Базибай уулу) жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы |
О. Айдаров |