Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-ноябры №2
Отуз-Адыр айылдык округунун аймагындагы мектептерди, СВА, ФАПтарды жылуулук менен камсыз кылуунун жана окутуу–тарбиялоо иштеринин, башталгыч класстардын окуучуларын бир маал ысык тамак менен камсыз болуусунун абалы жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык округунун аймагындагы мектептерди, СВА, ФАПтарды жылуулук менен камсыз кылуу жана окутуу–тарбиялоо иштеринин, башталгыч класстардын окуучуларын бир маал ысык тамак менен камсыз болуусунун абалы тууралуу маселени карап жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн орун басары Ж.Кочкорбаевдин жасаган доклады жана аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Айтылган кемчилдиктерди жоюу, сунуштарды тез арада аткаруу жактары Ж.Кочкорбаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин администрациялык иштер жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын төрагалары А.Зикировго жана К.Жумабаевдерге тапшырылсын.
Отуз-Адыр округунун кеңешинин төрагасы |
О. Айдаров |