Загрузка документа…
ОТУЗ - АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-ноябры №5
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет, салык, экономикалык маселелер боюнча жана айыл-чарба, курулуш, транспорт жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет, салык, экономикалык маселелер боюнча жана курулуш, транспорт жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Ташматовдун берген билдирүүсү жактырылсын.
2. Туруктуу комиссиянын төрагасы С.Атамбиевдин билдирүүсү канааттандыраарлык деп табылсын.
3. Отуз-Адыр соматикалык бөлүмүнүн абалын иликтөө максатында төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
1) Базибай уулу Асанбек – айыл өкмөттүн башчысы, комиссиянын төрагасы.
2) Айдаров Омар – айылдык кеңештин төрагасы.
3) Джумабаев Курстан – социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы.
4) Атамбиев Сыдык – айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы.
5) Зикиров Абдибает – административдик иштер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы.
4. Отуз-Адыр соматикалык бөлүмүндө кемчилдиктерди жоюу, калкты медициналык жактан сапаттуу тейлөө, даарылоо жагы башкы врач Ж.Самибаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы К. Джумабаевге милдеттендирилсин.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы |
О. Айдаров
|