Загрузка документа…
ОТУЗ – АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-ноябры №6
Отуз-Адыр айылынын тургундарынан каада – салт боюнча түшкөн арыздарды кароо жөнүндө
Отуз-Адыр айылынын тургундарынан каада–салт боюнча түшкөн арыздарды карап, ашыкча каада–салттарды жоюу жана ысырапкерчиликке жол бербөө максатында Отуз-Адыр айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каада–салттарды жөнгө салуу боюнча бардык айылдарда айыл өкмөт башчысы, айыл өкмөтүнүн адистери, депутаттар, айылдык имамдар, айыл аксакалдары, аялдар комитеттери, жаштар коомчулугунан делегаттар көрсөтүлүп чогулуштар өткөрүлсүн.
2.Ар бир айылда жогоруда айтылган бирикмелерден комиссия курамдары түзүлсүн.
3.Жогорудагы маселелерди аткаруу жана уюштуруу жактары айыл өкмөттүн башчысына, айылдык кеңештин төрагасына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы |
О. Айдаров |