Загрузка документа…
ОТУЗ - АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-ноябры №8
Отуз-Адыр айылдык округунун бардык категорияларындагы чарбаларында малдын жана үй канаттууларынын санын аныктоо боюнча ишке тартылган санакчыларга кызмат акын төлөө үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №287 токтомун жана анын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин программасын, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 24-ноябрындагы №217-б буйругун Отуз-Адыр айылдык округунда аткаруу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык округунда 1-30-декабрь күндөрү аралыгында малдын жана үй канаттууларынын санын аныктоо иштерине ишке тартылган ар бир санакчыга 1,0 миң сомдон, жалпы суммасы 26,0 миң сом акча каражаты айлык акы катары Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн каражаттардын эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө (А.Базибай уулу) жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңештин төрагасы |
О. Айдаров |