Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-марты №11/1
Алай райондук Кеӊешинин 2010-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Алай райондук Кенешинин бир жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алай райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондун Кенештин 2010-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын жана анын жүргүзүп жаткан уюштуруучулук иш багыттары жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүп жаткан реформаларды турмушка ашырууда райондун калкынын жашоо денгээлин жогорулатуу багытындагы райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планынын аткарылышы үчүн алдыга коюлган милдеттерди аткарууга жетишүү чараларын көрүү жана аны аткарууда аткаруу бийлигинин пландуу иш аракетин көзөмөлдөө анын реалдуу аткарылышына жетишүү райондун аймагындагы мекеме ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттери болуп эсептелсин.
3. Райондук Кенештин жана анын депутаттарынын аткарып жаткан иш араекттери райондун элинин кызыкчылыгы, райондун социалдык-экономикалык абалын көтөрүү, элди жакырчылыктан чыгаруу, райондун реалдуу алга жылуу натыйжасына жетишүү чаралары экендиги белгиленсин.
4. Райондук Кенеш тарабынан айтылган сын пикирлерди аткаруу жана райондогу элдин жашоо дэнгээлин көтөрүү, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кылмыштуулук, укук тартибин бузуулардын алдын алуу, коррупцияга бөгөт коюу, элди таза суу менен камсыз кылуу, эмгек акыларды, пенсия пособияларды өз убагында берүү, жарандардын убаракерчилигин кыскартуу жана жергиликтүү маселелерди өз убагында реалдуу, мыйзамдуу чечүү жана аткаруу бардык мекеме ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына милдеттерилсин.
5. Райондун жана айылдык округдардын социалдык маселелерин чечүүдө ички мүмкүнчүлүктөрдү, ошону менен бирге ички жана сырткы инвестицияларды тартуу менен аны мыйзамдуу жана сарамжалдуу пайдалануу айылдык округ башчыларына жана тиешелүү мекеме жетекчилерине милдеттерилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин туруктуу комиссияларына жана аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Алай райондук Кеӊешинин төрагасы |
Т.Сарыбашов |