Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-марты №11/2
Алай районунун 2009-2010-жылдарга бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө
Алай райондук Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын токтому жана райондук Финансы бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алай райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай райондук каржы бөлүмүнүнүн башчысынын 2009-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде райондун бюджети 2009-жылга киреше бөлүгү 33 300,1 мин. сомго чыгаша бөлүгү 33 335,3 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Алай райондук каржы бөлүмүнүнүн башчысынын 2010-жылга бюджеттин атакрылышы боюунча жүргүзүлгөн иши киреше бөлүгү 33 590,5 мин сомго, чыгаша бөлүгү 32 999,4 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Алай районунун 2010-жылга бюджетти аткарууда райондук каржы бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери берилген маалыматтын негизинде канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
4. Алай районунун өздүк бюджетинин ички кирешелеринин булактарын көбөйтүү жана бюджеттин бардык түрлөрүн үнөмдөөнү, мыйзамдуу жана максаттуу пайдаланууну катуу көзөмөлгө алуу райондук каржы бөлүмүнүн башчысы З.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алай райондук Кенешинин төрагасы |
Т.Сарыбашов |