Загрузка документа…
АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-марты № 11/3
Алай районунун 2010-жылдын бюджетинин ашыкча кирешелеринин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарынын мекемелерде максаттуу пайдалануунун абалы жөнүндө
Алай райондук Кеӊешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын даярдаган маалыматын угуп жана талкуулоонун негизинде Алай райондук Кеӊеши
ТОКТО М КЫЛАТ:
1.Алай районунун 2010-жылы бюджеттин ашыкча аткарылышынын негизинен мекемелерге бөлүштүрүлгөн акча каражаттарынын тиешелүү мекемелерде мыйзамдуу пайдалангандыгы жөнүндөгү бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
2.Алай райондук Кеӊешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мекемелерге бөлүнгөн кошумча акча каражаттарынын мыйзамдуу пайдалануусун көзөмөлгө алгандыгы белгиленсин.
3. Бюджеттин ашыкча аткарылышынан табылган акча каражаттарын мыйзамдуу жана максаттуу бөлүштүрүү жана пайдаланууну камсыз кылуу райондук Кеӊештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу райондук финансы бөлүмүнө жана райондук Кеӊештин бюджет, социалдык экономикалык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Алай райондук Кеӊешинин төрагасы |
Т.Сарыбашов |