Загрузка документа…
АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-марты №11/4
Алай районунда салыктын бардык түрү боюнча аткарылышы жана 2011-жылга план милдеттери жөнүндө
Алай районунда 2010-жылдагы салыктар жана жыйымдардын аткарылышы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Алай району боюнча башкармалыгынын башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкулоонун негизинде Алай райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун аймагында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык иш аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
2. Райондун аймагында жайгашкан юридикалык жана физикалык жактар, мекеме ишканалар менчигинин түрүнө карабастан салыктарды жана жыйымдарды өз убагында бюджетке чегерүү жана анын аткарылышын мыйзамдуу камсыз кылуу айыл округ башчыларына жана Мамлекеттик салык кызматынын Алай району боюнча башкармалыгынын башчысына ( Ш.А.Сулуевге) милдеттендирилсин.
3.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга кодекстин талаптарына ылайык атайын иш чараларды иштеп чыгуу жана аларды тиешелүү мекеме ишканаларга (менчигинин түрүнө карабастан) айыл округдарына жана жеке ишкерлерге жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Мамлекеттик салык кызматынын Алай району боюнча башкармалыгынына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу райондук Кенештин бюджет, социалдык экономикалык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кенештин аппаратына тапшырылсын.
Алай райондук Кенешинин төрагасыТ.Н.Сарыбашов |
М.Кадыров |