Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-марты № 11/5
Алай районунун 2011-жылга бюджетин кабыл алуу жана 2012-2013-жылдарга бюджетинин болжолун кароо жөнүндө
Алай райондук Кеӊешинин заседаниеси райондук Кеӊешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинин токтому жана райондук финансы бөлүмүнүн билдирүүсүн угуп жана талкулоонун негизинде Алай райондук Кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун 2011-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 30 822,2 мин сом, жана чыгаша бөлүгү 30 822,2 мин сом өлчөмүндө белгиленгендиги жактырылсын.
2. Райондун киреше бөлүгүн толуктоо максатында республикалык бюджеттен бериле турган толуктоочу гранттын өлчөмү 13168, 5 мин сом, максаттуу гранттын өлчөмү 10 227,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Райондук бюджеттин чыгаша бөлүгү 2011-жылда түшкөн кирешелердин жана гранттардын эсебинен каржылануусу белгиленсин.
4. Райондук бюджеттин 2011-жылга чыгаша бөлүгү толуктоочу грантка каралган акча каражаттарына Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен кошумча суралсын, 6 айдын жана 9 айдын жыйынтыгы менен райондук бюджетти тактап, мыйзам чегине келтирүү райондук финансы бөлүмүнүн башчысы З.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.
5. 2011-жылда райондук бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынын ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарга өзгөтүүлөрдү киргизүү райондук Кенешке ыйгарылсын.
6. 2012-2013-жылдарга Алай районунун бюджетинин божомолу жактырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеӊештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алай райондук Кенешинин төрагасы |
Т.Сарыбашов |