Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-марты № 11/7
Гүлчө айылдык кеӊешинин 2010-жылдын 20-декабрындагы № 16/1 токтому жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин 2010-жылдын 20-декабрындагы № 16/1 токтомун, райондук мамлекеттик администрациясынын сунуш катын райондук Кенештин мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, кенештердин иштери жана этика боюнча туруктуу комиссиясы карап талкуулоосунун негизинде Алай райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын 11-13-июнунда болгон коогаланда курман болгон Алайдын патриот уулу Адишов Илияз Зулпукаровичтин ысымы өзү туулуп өскөн Таш-Короо айылындагы Таш-Короо орто мектебине берилип, Таш-Короо орто мектебинин аты өзгөртүлүп, Адишов Илияз атындагы орто мектеп деп аталсын.
2.Таш-Короо орто мектебинин аты Адишов Илияз атындагы орто мектеп болуп өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу тийиштүү документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирип даярдоо мектептин директору Н.Жусубалиевге жана райондук билим берүү бөлүмунун башчысы Д.Жээнбековго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеӊештин мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, кенештердин иштери жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кеӊештин аппаратына милдеттендирилсин.
Алай райондук Кенешинин төрагасы |
Т.Сарыбашов |