Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-марты № 11/8
Райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 9-февралындагы № 21 сунуш каты жөнүндө
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын сунуш каты жана райондук Кенештин айыл чарбасы, жер, жер реформасы жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын карап талкуулоонун негизинде Алай райондук Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндө мыйзамынын талаптарына ылайык, ушул мыйзамдын 8-беренесинин так аткаруу жакынкы жайыттарды пайдалануунун мезгилдүү графигин сактоо, чөп орунду жерлерге зыян келтирбөө, күзгү жана кышкы жайыттардын графиктерин натыйжалуу пайдалануу айылдык округдардын, анын өкүлчүлүктүү органдарынын жана жайыт комитеттеринин милдеттери экендиги белгиленсин.
2. Алыскы Алай өрөөнүндөгү жайыттарды пайдалануу, ага өз мезгилинде көчүп баруу жана белгиленген графикте көчүп келүүнү уюштуруу жана аткаруу айылдык округ башчыларына жана жайыт комитеттерине милдеттендирилсин.
3. Жайыттардын айыл округдар боюнча чек араларын тактоо, алардын карталарын мыйзам чегине келтирүү жана талаш жерлерди мыйзамдуу чечүү боюнча комиссияны түзүү жана аны кечиктирбей чечүү жагы Алай райондук мамлекеттиик администрациясынын милдети экендиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун талаптарына ылайык эки же андан көп жыл пайдаланылбаган айыл округдарынын Алай өрөөнүндөгү жайыттары райондук Кенештин макулдугу менен башка жайыт пайдалануучуларга берилери эскертилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин айыл чарбасы, жер жана жер реформасы жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
Алай райондук Кенешинин төрагасы |
Т.Сарыбашов |