Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-марты № 11/9
Алай райондук мамлекеттик администациясынын 2011-жылдын 12-январындагы № 10 токтому жөнүндө
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 12-январындагы № 10 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-декабрындагы № 295 токтому менен бекитилген Ош жана Жалал-Абад областарында 2010-жылдын июнь окуясында жабыр тарткан Кыргыз республикасынын жарандарына биринчи кезекте турак жай берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобонун негизинде кабыл алынган» токтомун угуп жана талкулоонун негизинде Алай райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 12-январындагы № 10 токтому бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-декабрындагы № 295 токтому менен бекитилген Ош жана Жалал-Абад областарында 2010-жылдын июнь окуясында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына биринчи кезекте турак жай берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жоболорунун талаптарын так сактоо жана турак жайды айкын ачык калыс бөлүштүрүү жоопкерчилиги комиссиянын ар бир мүчөсүнө милдеттендирилсин.
3. Комиссиянын ишин көзөмөлгө алуу райондук мамлекеттик администрациясынын милдети экендиги белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, Кенештин иштери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Алай райондук Кеӊешинин төрагасы |
Т.Сарыбашов |