Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-март № 11/10
Райондук Кенештин кошумча акча каражатын бөлүп берүү боюнча 2010-жылдын 20-декабрындагы №32, 21-декабрындагы № 34, 29-декабрындагы № 35 жана статьядан статьяга жылдыруу боюнча 21-декабрындагы № 33 кабыл алынган токтомдору жөнүндө
Алай райондук Кенешинин социалдык экономикалык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинин кошумча акча каражатын бөлүп берүү боюнча токтомдорунун негизинде Алай райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук Кенештин кошумча акча каражатын бөлүп берүү боюнча 2010-жылдын 20-декабрындагы №32, 21-декабрындагы № 34, 29-декабрындагы № 35 жана статьядан статьяга жылдыруу боюнча 21-декабрындагы № 33 кабыл алынган токтомдору бекитилсин.
2. Бул токтомдорду аткарууну камсыз кылуу райондук финансы бөлүмүнүн башчысы З. Молдокуловго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин бюджет, социалдык экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
Алай райондук Кенешинин төрагасы |
Т.Сарыбашов |