Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-майы №114
Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагында Жайгашкан «Чынар» эс алуу паркына жана Куршаб стадионуна КРнын жогорку Кеӊешинин депутаты, маркум Кадыралиев Санжарбек Кармышаковичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бекмурзаев көчөсүнүн боюнда жайгашкан учурда иштетилбей турган «Чынар» паркын жана Куршаб стадионун элдин эс алуучу жайына айландыруу жана көрктөндүрүү максатында айыл округунун көпчүлүк жашоочулардын жана Куршаб айлынын спортсмендеринин сунуштарынын колдоосу жана Токсонбаев, Кочобаев көчөлөрүнүн арыздарынын негизиде «Чынар» эс алуу паркына жана Куршаб стадионуна КРнын депутаты, маркум Кадыралиев Санжарбек Кармышаковичтин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү маселени карап чыгып Куршаб айыл округунун айылдык Кеӊешинин (4-шайлаган) кезексиз ХХVI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бекмурзаев көчөсүнүн боюнда жайгашкан учурда иштетилбей турган «Чынар» паркын жана Куршаб стадионун элдин эс алуучу жайына айландыруу жана көрктөндүрүү максатында айыл округунун көпчүлүк жашоочуларынын жана Куршаб айылынын спортсмедеринин сунуштарынын колдоосу жана Токсонбаев, Кочобаев көчөлөрүнүн арыздарынын негизинде «Чынар» эс алуу паркына жана борбордук стадионго КРнын депутаты, маркум Кадыралиев Санжарбек Кармышаковичтин ысымы ыйгарылсын.
2. «Чынар» эс алуу паркы жана Куршаб стадиону Куршаб айыл өкмөтүнүн мунципиалдык социалдык объектиси болгондуктан паркты жана стадионду азыркы мезгилдин талабына жараша шарт түзүп карап, санитардык, экологиялык нормаларды сактап, көрктөндүрүү элдерди эс алуучу жайына айландыруу жагы маркумдун жакындарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыӊдоо социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Куршаб айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Алиев |