Загрузка документа…
АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-мартындагы №13/1
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2009-2010-жылдагы боюджетинин аткарылышы 2011-жылга жана 2012-2013-жылдарынын бюджетинин бекитилиши жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊиши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2009-жылдагы боюджетинин киреше бөлүгү 14258300 сомго белгиленип анын аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдү эске алуу менен 18195015 сомго чыгаша бөлүгү 1818878 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин (тиркеме №1)
2. 2010-жылдагы боюджетинин киреше бөлүгү 14845000 сомго белгиленип анын аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдү эске алуу менен 22190801 сомго, чыгаша бөлүгү 22125790 миӊ сомго аткарылгандыгы белгиленсин (тиркеме №2)
3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2011-жылга карата белгиленген бюджети, депутаттардын айткан сунуштары пикирлери менен киреше 15635100 сом жана чыгаша 15635100 мин сом өлчөмүндө бекитилсин анын ичинен максаттуу грант 10802000 миӊ сом теӊдөөчу грант 4198800 миӊ сом жергиликтүү киреше 634300 миӊ сомго белгиленсин.
4. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн белгиленген бюджетинин долбоору 2012-жылга карата депутаттардын айткан сунуштары пикирлери менен киреше 15405000 мин сом жана чыгаша 1540500 мин сом ал эми анын ичинен максаттуу грант 10802000 миӊ сом теӊдөөчу грант 3963000 миӊ сом 2013-жылга киреше 15336000 миӊ сом жана чыгаша 1533600 миӊ сом ал эми анын ичинен максаттуу грат 10802000 миӊ сом теӊдөөчу грант 388400 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин (тиркеме №3)
5.Жергиликтүү тушкон кирешелерден сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча түшкөн бөлүгү толугу менен айыл өкмөтүнүн каржылоосу калаары аныкталсын.
6.Жыл ичинде түшкөн кирешелердин пландан ашыкчасы жана бир статьядан бир статьяга жылдыруу өкмөтүнүн сессиясында каралып керектөөгө жараша аныкталсын, башкача айтканда «Нооруз, 9-май, Эгемендүүлүк» жана башка маданий массалык кечелерди өткөрүүгө жана башка аркандай чыгымдар үчүн жумшалсын.
7. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы бекитилген бюджетинен түзүлгөн расчеттордун негизинде максаттуу гранттан 927,7 сом толуктоочу гранттан 170,8 миӊ сом жалпы 1098,5 миӊ сом жетишбегендиги белгиленсин. Бул боюнча расчетторун тапшырып жыл ичинде кошумча гранттарды алуу жагы финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Тажибаевке тапшырылсын.
8. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы бюджетин киреше жана чыгаша пунктары боюнча чыгымдалышына контролдук кылуу менен ар бир статьянын жумшалышына камсыз кылуу айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Тажибаевке тапшырылсын.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Кадыров
|