Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-апрели №19/ 3
Жошолу айылдык округунун 2010-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча жана 2011-жылга карата бюджетти 2012-2013 жылдардагы бюджетинин долбоорун бекитүү жѳнүндѳ
Жошолу айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айылдык округунун 2010 -жылдагы бюджетинин киреше болугу 14167,4 мин сом менен чыгаша болугу 14158,5 мин сомго аткарылгандыгы бекитилсин .( тиркеме тиркелет .)
2. 2011 -жылга Жошолу айылдык округунун бюждетинин киреше жана чыгаша болукторуно 9791,5 мин сом бекитилсин .
3. Долбоор 2012 жылга ѳздүк киреше ичинде 9613,1 мин сом, ал эми 2013 жылга ѳздүк киреше ичинде 9469,9 сомго белгиленсин.
4. 2011-жылдын бюджетине тендоочу гранка 2718,1 мин сом белгиленген.Максатуу гранттан 6715,6 мин сом жана ѳздүк кирешеден 357,8 сом каралгандыгы белгиленсин.
5. Айылдык округдун киреш жана чыгаша бѳлүктѳрүн анализдеп чыккандан кийин тендѳѳчү грант үчүн 169,8 миӊ сом, максаттуу грант үчүн 372,5 сом, баардыгы 542,3 миӊ сом акча каражаты кошумча керектеле тургандыгы белгиленсин.
6. Жошолу айылдык округунун аймагында жайгашкан мектептерде жана мекемелерге бюджетке каралган акча каражаттары статьялар боюнча жумшалышы камсыз кылуу отчет, учет иштерин убагында Алай округунун финансалык бѳлүмүнѳ тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана директорлоруна, чарбалык иштер боюнча орун басарына милдеттендирилсин.
7. Жошолу айылдык округунун 2011-жылга бекитилген бюджетинин киреше бѳлүгүнѳн ашыкча түшкѳн кирешелерге кошумча план боюнча ѳзгѳртүүлѳрдү, толуктоолорду киргизүү жана статьядан башка статьяларга жылдырып беруу айылдык округунун билдирүүсүнүн негизинде Жошолу айылдык Кеӊешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына укук берилсин жана бюджеттик комиссиянын сунушу менен айылдык Кеӊештин сессиясында бекитилсин.
8. Каралган бюджеттик смета боюнча ѳз убагында, ѳз максатында жумшалышын камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык округунун финансы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысы Сатыбалдыевге тапшырылсын.
Жошолу айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
К.Алдашев
|