Загрузка документа…
КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ
Талас облусунун Адилет Башкармалыгында
2007-жылдын 30-январында №01-8-07 болуп катталган
Талас шаары
2006-жылдын 22-декабры № 183
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
«Талас шаарынын аймагында пиротехникалык буюмдарды колдонууну
жөнгө салуу жөнүндө»
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын, Талас
шаарынын аймагында коомдук тамактануучу жайларда отуучу салтанаттарда
жана башка иш чараларды өткөрүүдө пиротехникалык буюмдарды
(фейерверктерди, салюттарды ж.б. жарылуучу заттарды) колдонушуп, шаар
калкынын тынчтыгын бузуп жаткандыгы тууралуу 2006-жылдын 16-
ноябрындагы № 530 чыгыш сандуу катын карап чыгып жана Талас шаарынын
калкынын бейкуттугун камсыз кылуу максатында депутаттардын Талас шаардык
кенеши токтом кылат:
1. Талас шаарынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы коомдук
жайларда, шаар атуулдарынын массалык чогулган жерлеринде, ошондой эле
саламаттыкты сактоо, билим берүү (мектептер, мектепке чейинки ж.б.)
мекемелеринде тойлорду жана башка иш чараларды өткөрүүдө пиротехникалык
буюмдарды (фейерверктерди, салюттарды ж.б. жарылуучу заттарды) колдонууга
(Кыргыз Республикасынын Мыйзам Актыларында каралган майрамдардан тышкары)
тыюу салынсын.
2. Талас шаарынын ички иштер бөлүмү (Ибраимов С.) менен Талас шаардык
ортко каршы курошуу кызматына (Алыбаев Т.) шаар калкы жана мекеме-
уюмдардын, ишканалардын пиротехникалык буюмдарды пайдалануусуна жана
аларды колдонууда орт коопсуздугунун эрежелерин сактоосу боюнча катуу
көзөмөлдүк жүргүзүү милдеттендирилсин.
1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаарынын
социалдык маселелер боюнча вице-мэрине (Н.Абылгазиева) тапшырылсын.
Торага: К.Осмонов
Юрист: М.Айдаралиев