Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-октябры № 5
Мөнөк айылынын тургуну Султанова Элмиранын дарыкана салуу үчүн Кашкар-
Кыштак айылынан жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндөгү арызын кароо
Депутаттар Мөнөк айылынын тургуну Султанова Элмиранын дарыкана куруу үчүн Кашкар-Кыштак айылынан жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мөнөк айылынын тургуну Султанова Элмиранын арызы боюнча дарыкана куруу үчүн Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн имаратынын жанынан бош жат кан жерлердин ылайыктуулугун жана мыйзамдуулугун иликтеп чыгуу жагы айылдык кенештин айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо комиссиясына тапшырылсын.
2. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү иликтөөнүн жыйынтыгын кезектеги сессияга койсун.
Кашкар-Кыштак айлдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов
|